Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:04

16:50 Жалалабатта Орозо айтты кечээ белгилеген мусулмандар сынга алынды


Жалалабат шаардык мечитинин имамы Орозо айт майрамын кечээ белгилеген адамдарды мусулмандарды бөлүп-жарууга аракет жасагандар катары сыпаттады. Ошондой эле шаардын Навои паркында мусулмандардын атынан лотереялык утуштар ойнолду. Оюндун уюштуруучулары өздөрүн ачык атабаганы менен лотереялык билетте Хизб-ут-Тахрир партиясынын желеги түшүрүлгөндүгү аныкталды. Байкоочулар тыюу салынган диний партия өз ишмердүүлүгүн жашыруун жол менен өркүндөтө баштагандыгын билдиришүүдө.(YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG