Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

17:10 Ноокатта улуттар аралык чыр-чатактын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат


Ноокат районунун акими Абдыганы Алиевдин “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча ушул тапта райондун борборунда кырдаал тынч. Эртең менен райондук администрациянын имаратын талкалоого чейин жеткен чатактын уланбоосу жана улуттар аралык чыр-чатак чыгып кетпөөсү үчүн эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Акимдин айтуусунда бул ишке райондун активдери, айыл аксакалдары, айыл өкмөт башчылары, мугалимдер, депутаттар жана эл арасында кадыр-баркы бар адамдар тартылды. “Уюштургандар Хизб-ут-Тахрир партиясынын мүчөлөрү. Анткени биз аларды жүзүнөн тааныйбыз. Алар мага эки күн мурун борбордук аянтты сурап келишкен. Биз Орозо айтты майрамдоо шаардык сквер менен стадиондо болорун айтып, түшүндүргөнбүз. Бирок бүгүн негизинен жаш балдар менен аялдарды бизге каршы тукуруп, жөнөтүп жиберишиптир,” дейт аким Абдыганы Алиев.(ZKo)

XS
SM
MD
LG