Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

БИШКЕКТЕГИ ОРОЗО АЙТ


Бүгүн, 1-октябрь күнү Бишкек шаарынын эски аянтында айт намазы окулду. Намазга жыгылардын алдында Кыргызстандын мусулмандарын дин адамдары, мамлекеттик кызмат төбөлдөрү, элчилик өкүлдөрү куттукташты. Кандайдыр бир мусулман тобунун борбордук аянтта майрамдык утуштарды өткөрүү аракети толук ишке ашканы жок.

Айт намаз алдында мусулмандарды президенттин жана кыргыз өкмөтүнүн атынан 1-вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев куттуктады. Кыргызстандын мусулмандарына ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Нариман Тулеев, Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Мухаммад Сабури, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Степан Власов, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Бакыт Османов, Түркиянын, Пакистандын, Америка Кошмо Штаттарынын элчилик өкүлдөрү биринен сала бири куттук айтышты. Американын элчилик өкүлү Марк Камерон мырзанын кыргыз тилинде сүйлөгөнү кыргызстандыктарга айрыкча жагымдуу болду. Анан сапан-сап айтылып, муфтий Мураталы ажынын имамдыгы менен жалпы айт-намазына жыгылышты.

Ушул күнү мусулмандардын кандайдыр бир тобу элге майрамдык маанай тартуулоо иретинде Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында буюм-тайым утуштарын өткөрүү аракетин көрүштү эле, бийлик тарап аларга катуу тоскоол этти. Телевизор, муздаткыч баштаган утуш буюмдарын жүктөп келаткан машинени алып кетип, буюмдарды бербей, бекиттирип салыптыр.

Алдын-ала 100 миң даана утуш белети мусулмандарга бекер таркатылган экен. Аянтта ошол утушка 3 миңдей адам чогулуп, оюн башталбай, ара-чолодо бир даары жарыбаган бир үн көтөргүч менен майрамдык куттук айтып жатышты.

Алардын арасында сүйлөгөн белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиевдин куттук сөзү саясат менен да аралашып кетти:

- Орозо айт майрамы – дүйнөдөгү эң улуу майрамдардын бири. Кыргызстанда азыркы күндө ыймандуу жетекчилер жетишпей жатат!

Утуш салтанатын белгилүү обончу жана аткаруучу Майрамбек Осмонов алып бармак экен. Ал да мындай тыюу салууга нааразы. Обончу сүйүү майрамында майрамдап көчөгө чыкпаган ыймандуу кыз-келиндер, ыймандуу адамдар колдорундагы белетти утуштуруп алалы, кичине майрамдайлы деп келишсе тилектери ишке ашпай турганына нааразы экенин айтты.

Биз анан бийлик тараптын тоскоол эткенине нааразы болгон бейтааныш адамдарга да микрофон сундук. Өзүн Сафия Сабаева деп тааныштырган келин мындай дейт:

- Милициялардын тоскоолдугунан улам эл ушундай аз болуп калды. Каршылык кылып – микрофондорду, колонкаларды жыйып кетишти милициялар

Ал эми Алмаз Беков деген адамдан бул утуштарды кимдер өткөрмөкчү болушканын, башкы уюштуруучулары ким экендигин сурап, мындайча жооп алдык:

- Уюштуруучулар – Бишкектеги мусулмандар жамааты. Намаз окуган, тың, бардар жигиттер.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик деректири Каныбек Осмоналиевден жагдай жөнүндө сураганыбызда буларды айтты:

- Күч органдары киришип атышса – балким, андан ишмердүүлүгүнө мыйзам аркылуу тыюу салынган кандайдыр бир диний партиялардын же болбосо кандайдыр бир уюмдардын иш-аракеттери байкалып аткандыр.

Утуштарды уюштуруучулар буюм-тайымдарын чыгарып алыш үчүн түшкө чейин аракет кылышты. Андан кийин уткан белеттерди оозеки эле жарыялоого өтүштү. Уткандардын тизмесин гезитке жарыялай тургандыктарын, демек, утуштардын ээлери гезит аркылуу да толук аныкталарын, кийин утуш буюмдарын кайрып алышса – утуштарды ээлерине ошондо беришерин жарыялашты.
XS
SM
MD
LG