Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:07

АКШнын дипломаты Түндүк Кореяга келди


Кристоффер Хилл алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Түндүк Корея менен АКШ, Орусия, Кытай , Жапония жана Түштүк Корея ортосунда жетишилген келишимди сактоого аракеттенмекчи. Ал келишим боюнча Пхеньян энергетикалык жардам жана дипломатиялык чөйрөдө жеңилдиктерди алган шартта өзүнүн башкы өзөктүк жайын токтотууга макул болгон. Бирок жакында Йонбондогу өзөктүк жайынан МАГАТЭнин мөөрлөрү менен көзөмөл салуучу жабдууларын алып, плутоний өндүрүүгө жарамдуу жайды кайра ишке киргизерин эскерткен. Түндүк Корея мында АКШ аны террорду колдогон мамлекеттердин тизмесинен али чыгарбаганына катуу нааразылык билдирген эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG