Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:16

Грузияда бүгүнтөн тартып Еврошаркеттин байкоочулар миссиясы иштей баштады


Анын курамында 300дөй адам бар. Грузияда европалык байкоочулардын жайгаштырылуусу - Түштүк Осетияга байланыштуу Орусия менен Грузия ортосунда чыккан согуштан соң эки тарап ок атышууну токтотуу боюнча Еврошаркеттин ортомчулугу астында жетишкен келишимдин бир бөлүгү. Ал макулдашууга ылайык Орусия Еврошаркеттин байкоочулары жайгаштырылгандан он күндүн аралыгында Түштүк Осетия менен Абхазиянын сыртындагы аймактардан аскерлерин чыгарып кетүүгө макул болгон. Орусиялык тараптын кечээги билдирүүсүнө караганда, европалык байкоочулар Түштүк Осетияны курчаган буффердик зонанын ичине киргизилмек эмес. Бирок европалык миссиянын башчысы Хансойрген Хабердин айтымында, орус аскерлери менен сүйлөшүүлөрдөн соң алар бүгүн буффердик зонанын ичине койо берилди. Орус армиясынын өкүлү Виталий Манушко бул маселе толук макулдашыла электигине байланыштуу, бүгүнкү байкоо чектелген аймакта гана болорун белгиледи. Ал эми өзү көз карандысыз өлкөлөр катары тааныган Түштүк Осетия менен Абхазиянын ичинде Орусия 7600 аскерин кармаоону пландоодо. Бул аралыкта Еврокомиссиянын билдиргенине караганда, ал 2010-жылга чейин Грузияга согуштан бүлүнгөн чарбасын калыбына келтирүү үчүн 500 миллион евро жардам көргөзүүнү белгилөөдө. Бул үчүн 22-октябрда Еврокомиссия донорлор конференциясын өткөрөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG