Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

АКШнын Сенатында бүгүн өкмөттүн каржылык планын добушка салуу белгиленген


Кризиске кабылган каржы системасын колдоо үчүн бюджеттен 700 миллиард долларга чейин акча ажыратууну караган планды ушул дүйшөмбү күнү Конгресстин Эл өкүлдөр палатасы четке каккан эле. Мындан улам дүйнөнүн каржы базарларында биржалык индекстер менен акциялар баасынын төмөндөөсү уланган. Сенаттагы бүгүнкү добуш берүүгө катышуу үчүн президенттикке талапкерлер: республикачыл Жон МакКейн менен демократ Барак Обама Вашингтонго кайтып келишти жана мыйзамгерлерди өкмөттүн планы боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра жандандырууга чакырышты. Алар президент Жорж Буштун, эгер Конгресс чара көрбөсө, карапайым америкалыктар катастрофага кабылышы мүмкүн деген эскертүүсүнө кошулушту. Бул аралыкта Европанын ири өлкөлөрү: Германия, Британия, Франция, Италия глобалдык каржылык кризисти алдыдагы ишембидеги жолугушууда талкуулаганы жатат. Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэль Барросо бүгүн маалымат жыйынында, Европанын өкмөттөрү каржылык системаны стабилдештирүү үчүн тыгыз кызматташуусу керектигин белгиледи. Ал эми Орусиянын премьер-министри Владимир Путин бүгүн өкмөттүн жыйынында АКШны кризиске каршы чара көрүүгө жөндөмсүз болуп жатканы үчүн сынга алды.

XS
SM
MD
LG