Бүгүн Ноокатта Орозо айт майрамын райондук борбордун башкы аянтында белгилөөгө уруксат берилбегенине нааразы болгон адамдардын тобу акимчиликтин имаратынын биринчи кабатына кол салып, анын айнектерин талкалап салышкан. Жергиликтүү бийлик бул чыр-чатакты “Хизб-ут тахрир” уюмунун мүчөлөрү жасады деп эсептөөдө.