Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:35

2-ОКТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1900-жылдын 2-октябрында Пишпек уезддик шайлоо комитети Мөкүш Шабданов менен Турумбек Байтуминди Сарыбагыш волостунун болуштук шайлоого катышкан талапкер катары каттаган. 1929-жылдын бул күнү санитардык-мектеп врачтары үч смендик окууну жою сунушун көтөрүшкөн.

1860-жылдын август айында орус аскерлери Пишпек жана Токмок шаарларын кокондуктардан бошоткондон кийин, хандык бийлик бул аймакты кайра каратуу саясатын жүргүзө баштаган. Орус аскерлеринин Верныйдагы базасына кайтышына байланыштуу, кокондуктар 10-15 миң чамалуу жоокер топтоп, Пишпек менен Токмокту ээлеп алууга жетишкен. 1860-жылдын бул күнү Верныйдагы орус бийлигине, Чүй өрөөнүндө көп сандаган кокондук аскер жыйналды деген кабар түшкөн. Мындан улам Алатоо аскер округунда кокондуктарга сокку уруш үчүн камылга көрүлө баштаган.

1900-жылдын 2-октябрында Пишпек уезддик шайлоо комитети, Мөкүш Шабданов менен Турумбек Байтуминди Сарыбагыш волостунун болуштук кызматын ээлөө үчүн шайлоого катыша турган талапкердигин каттаган.

1929-жылдын бул күнү санитардык-мектеп врачтары үч смендик окууну жоюу сунушу менен Кыргыз АССР билим берүү Элдик комиссариаты жана Фрунзе шаардык кеңешине кайрылышкан. Алардын сунушунда үч смендик окуу жеткинчектердин физиологиялык абалын эске албастан киргизилгендиги айтылып, өспүрүмдөр кеч киргенде чарчап калгандыгы белгиленет. Мындан тышкары, врачтар жаш жеткинчектер арасында аз кандуулук илдетинин күчөгөндүгүнө кабатырланып, үч смендик окуу жаш өспүрүмдүн ден соолугуна зыян алып келээрин айтышкан.

1964-жылдын 2-октябрында Кыргыз токой станциясынын директору Петр Ган Ысык көлдүн жээгин жашылдандыруу сунушун көтөрүп чыккан. Көл жээгине бак отургузуп, кунарсыз жээкти гүлзарга айландыруу идеясы СССР компартиясынын секретары Никита Хрущевдун Кыргызстанга келип, Ысык-Көлдү кыдырган маалда айтылган. Бирок октябрь айынын орто ченинде Н. Хрущевдун кызматтан алынышы менен жакшы саамалык унутулуп, эбегейсиз долбоор дароо «сандык түбүнө» салынган.

2003-жылдын бул күнү «Арнамыс» партиясынын АКШдагы мүчөлөрү Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун маңдайында пикетке чыгышкан. Пикет президент Аскар Акаевдин Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында жасала турган билдирүүсүнө байланыштуу уюштурулуп, «арнамысчылар» Кыргызстандагы укук бузууларга коомчулуктун көңүлүн буруп, Ф. Куловдун түрмөдөн бошотулушун талап кылган плакаттар менен чыгышкан.

Бул күнү, 1552-жылы Казан хандыгы Россияга каратылып, 1943-жылы Краснодарда «Молодая гвардия» антифашисттик уюму уюшулуп, 1452-жылы англис королу Ричард III, 1852-жылы англис химиги, Нобель сыйлыгынын лауреаты, аргон, неон, гелийди ачкан Уильям Рамзай, 1869-жылы индиялык таанымал саясатчы Махатма Ганди, 1910-жылы кыргыз драматургу, котормочу Касымбек Эшмамбетов, 1914-жылы советтик диктор Юрий Левитан жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG