Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

БАКЫТ МУРЗУБРАИМОВ: ДИНДИ ЖӨНДӨӨ ҮЧҮН ЭЛДИН САБАТЫН ЖОЮУ КЕРЕК


Орозо айт күнү Ноокат районунун борборунда диний себеп менен жаңжал чыгып, нааразы тарап күч менен таркатылды. Буга диний топтун райондук мамлекеттик администрация имаратын таш бараңга алышы себеп болду. Ушул жагдайдан улам “Азаттык” таңкы түз ободо Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин кафедра башчысы дин таануу илиминин доктору Бакыт Мурзубраимовго Кыргызстандагы диний кырдаал тууралуу бир нече суроо менен кайрылды.

- Бакыт мырза, Ноокат районунун борборунда орозо айтта чыккан чатакка кандай баа берип жатасыз? Мындай деңгээлдеги диний чатак буга чейин катталган жок эле. Маселен, аким муну бийликке кол салуу деп баалабадыбы?

- Өзүңүздөргө маалым, айт намаз жалпы мусулмандар жамааты чогулуп окуй турган намаз. Эми намаздын тигил же бу жерде оку деген эч кандай шарты жок. Бардык эле таза үйдө же мечитте окуса боло берет. Бирок негизи айт намаз болгондуктан, аны мечитте окуган жакшы, шарыятта дагы ошондой. Эми өзүңүз билесиз, мечиттерге адамдар батпай баратат. Эл ошол жагын эске алып, балким, ыңгайлуу жерди сурашкан да. Өкмөт дагы бардык шарттарды эске алып туруп, элди дүрбөлөң кылбай турган абалда ыңгайлуу жерди бөлүп беришкен. Кайрылган эл ошол нерсеге ыраазы болуш керек эле. Ага каршы чыгып, шарыятты да бузуп, ушул жерде гана намаз окуйбуз дегени динге дагы туура келбейт. Биз бул жерде намаз окуйбуз, бул жерде окубайбыз дегени динге да, шарыятка да туура келбейт. Элдин коопсуздугун, бейпилдигин да эске алыш керек болчу.

- Жалпы эле Кыргызстанда диний кырдаал канчалык деңгээлде туруктуу? Маселен, кээ бир байкоочулар уруксат берилбеген Хизб-ут-тахрир уюму ишмердүүлүгүн кеңири жайылтып, көзөмөлдөө мүмкүн болбой баратат деп чочулап жүрүшөт. Орозо айтта лотереялык оюндарды Бишкекте, Нарында уюштуруу аракеттеринин, Ноокат чатагынын артында да “хизбутчулар” турат деп болжошууда.

- Чынында диний кырдаал азыр өтө оор. Анткени, башкарып турган, көзөмөлдөй турган туруктуу орган, уюм болбогондуктан, баш аламандык болуп жатат. Анан диндин атынан чыккан ар кандай чыр-чатакты хизбутчулар уюштуруп жатат, вахабийлер уюштуруп жатат деген да туура эмес. Аны аныктап, далилдеш керек. Ошол эле мезгилде мындайга жол бербей коюштун да чаралары бар. Мисалы, мамлекет диний кырдаалды жөндөсө болот. Дин башка саясат башка деп бөлүп, аларды жөн таштап койгонду да туура эмес деп ойлойм. Балким аны жөнгө салыш үчүн элдин дин боюнча сабатын жоюп, идеологияга, саясатка ылайыктап багыт берсе мындай кырдаалды алдын алса болот деп ойлойм.

- Диний ишмердүүлүк жөнүндө жаңы мыйзам долбоору иштелип жатат. Ошол эле диний азчылыктын өкүлдөрү бул мыйзам кабыл алынса диний укуктар чектелет деп чочулашууда. Сиз эмне айта аласыз?

- Жок, мен андай деп ойлобойм. Анткени, бул чектебейт, тескерисинче, кыргыз элине, Кыргызстандын келечегине пайдалуу мыйзамдардын бири деп эсептейм. Себеби, иштеп аткан мыйзам боюнча 10 киши биригип, бир диний жамаат түзө алат. Азыр эми 200 киши болушу керек деп атат. Менимче, мунун санын дагы көбөйтүү керек. Анткени, дин чоң маселе. Сырттан келген жат идеологияларды ошондо гана алдын алсак болот. Тизгинин тартсак болот.
XS
SM
MD
LG