Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:23

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

“Асман преss” гезити мурдагы өкмөт башчыларынын бири Амангелди Муралиевдин: “Өзбекстан Кыргызстанга газды 300 доллардан сатабыз деген эмес. Ортодон биздин бизнесмен- министрлер пайда тапкысы келип жатат окшойт” деген ой-пикирин жарыя кылды.

Ушул эле гезит “Урмат Барктабасов өлкөнү туңгуюк абалдан чыгарып кете алабы? деген ат менен У. Барктабасовдун интервьюсуна орун берди. Урмат мырза өз сөзүндө:” Адилеттик, калыстык орногон жок, алдым-жуттумдук, коррупция ашынды. Сот адилеттиги соолуду. Үйбүлөсүн тескей албаган адам бүтүндөй бир эл-журт, улут кадырына жете алабы? Кызмат орундары кызылдай акчага сатылып жатса ушундай өлкөдө өнүгүү болмок беле, ушундай адамдар элди ойломок беле, а бизде эмне болуп жатат, бийлик, айрыкча баш бийлик кимдин колуна тийсе анын үйбүлө мүчөлөрүнө, ага-ини, уул-кыздарына, жан-жөкөрлөрүнө, жакындарына мүмкүндүк туулуп, кайда барса аларга жол ачык, керек болсо бирөөлөрдүн оокатын тартып алып жатат, кадр маселесиндеги жердешчилик, уруу тууганчылык улуттук өнүгүүбүзгө кадалган бычак болууда",- деп айтты.

Жарык көргөн гезиттердин дээрлик көбү өлкөдөн чыгып кеткен Боршайкомдун мурдагы төрайымы Клара Кабилова тууралуу саясатчылардын ойлоруна орун берген. “Жаңырык апта” гезити аркылуу саясатчы Анвар Артыков "К. Кабилова президенттик үйбүлөнүн эң жакын адамдарынан болот. Демек бул Бакиевдин командасынын ичинде биримдик жок экенин билдирет. Эми Кабилова эл алдында жүзү жарык жүрүш үчүн шайлоодогу бурмалоолорду ачык айтып, элден кечирим сураш керек",- деп айтты.

Накен Касиев - "Кабилованын кадамы бийликтеги кризистин жарылышы, Боршайкомдун төрайымынын кызматтан кетиши азыркы бийлик үчүн трагедия",- деп, Эркин Булекбаев - "К. Бакиев мамлекеттин кызыкчылыгы эмес өз үйбүлөсүнүн камын ойлоп жатат",- деп, “Ар-намыс” партиясынын Түштүк аймагы боюнча координатору Бөдөш Мамырова - "Клара Кабилова өйдө жактан келген буйруктан тажады болуш керек, төрайым катары өз алдынча иш алып баралган жок, дайыма диктовкада иштеп жүдөдү. Анан өлкөдөгү кырдаалды алдын ала сезди, бул бийлик кулап түшөрүнө көзү жетти. Ошондуктан өз абийрин эл алдында тазалап калайын деген чечимге келди",- деп, “Курманжан датка” карымдууулук фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошева -“Мен Кабилова боюнча комментарий бералбайм” деп ой-пикирлерин билдиришкен.

“Аалам” гезити аркылуу “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунова “Демократия жана жарандык коом үчүн”коалициясы Клара Калыбековага кайрылып, кыргыз элинен кечирим суроосун, өткөн шайлоонун жыйынтыгы тууралуу фактыларды жарыя кылууну өтүнгөн.

Ревкомдун төрагасы Азимбек Бекназаров: “Бакиевдин өзүнүн кадры ушундай билдирүү жасап аткандан кийин президент: “Мен акмак болгон экемин, референдум, шайлоо таза өткөн эмес экен. Мага туура эмес маалымат беришкен экен деп өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча кылмыш ишин козготуп, мыйзам бузгандарды жоопко тартыш керек",- деп, депутат Иса Өмүркулов - "Клара Кабилованын эч нерседен тайманбай, коркпой-үркпөй кайрылуу жасаганына оң баа берүүгө болот, башка бийлик бутагындагылар да ушундай кадамга барып, адамдык сапаттарын көрсөтсө болот эле",- деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG