Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

14:10 Кыргызстанда “Миң жылдыктын чакырыгы” программасын ишке ашыруу комитети алгачкы жыйынын өткөрдү


Ага президенттик администрациянын башчысы, 1-вице-премьер-министр, Жогорку Соттун төрайымы, Башкы прокурор, ЖК депутаттары жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси катышты. Жыйында кыргыз тарап аталган программага кирүү шарттарын аткарууга аракет жасагандыгын билдирди. Президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов булардын катарына Конституциялык реформаны жүргүзүлгөндүгүн, жаңы парламент менен жаңы курамдагы өкмөт түзүлгөнүн мисал кылып айтып кетти. Ал эми ЮСАИД уюмунун кеңешчиси Чарльз Ванделендин белгилөөсү боюнча “Миң жылдыктын чакырыгы” программасына кирүүсүнө Кыргызстанга өлкөдөгү коррупциянын күчөшү бут тосууда.
“Миң жылдыктын чакырыгы” программасы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө коррупция менен күрөшүүдө, сот системасынын калыптанышына көмөк көрсөтөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG