Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:24

15:10 Мураталы ажы Жуманов: Ноокаттагы чатакка муфтияттын тиешеси жок


Муфтий чатакты уюштургандарды ислам дининин душмандары, деп айыптап, бул ишти мусулмандарды жана ислам динин жаман көрсөтүүнү көздөгөн кишилер жасады, деген оюн билдирди.
Мурда кабарлангандай кечээ эртең менен саат 10 чамасында Ноокат райондук админстрациясынын алдына чогулган 100-150 киши Орозо айтка карата тамак таратууга уруксат берилбегендиги үчүн чатак чыгарышкан. Алар район жетекчилигинин сөзүн укпай, ага “Аллах акбар” деген кыйкырык менен жооп кылышкан. Ошондой эле топтун ичиндеги жаш жигиттер имаратка жана абалды көзөмөлдөп турган милиция кызматкерлерине таш ыргытышкан. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG