Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:27

16:03 Чүйдөгү мектептерде мугалимдер жетишпегендиктен, студенттер сабак берип жатат


Бул туурасында айрым айылдардын тургундары менен болгон жолугушуу учурунда эшиттик. Алардын бири Садовой айылынын тургуну Баялы Саркуловдун айтымында аталган айылдагы орто мектепте география мугалими жок болгондуктан, дипломго ээ боло элек студент сабак берип жатат. Айрым айылдарда эптеп орунду толуктоонун кесепетинен окуучулардын билим деңгээли начар боюнча калууда дешет. Билим берүү министрлигинин жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова «быйыл орто мектептерге жаш адистер дээрлик келген жок, андыктан 5- курста окуп жаткан студенттерди эле ишке тартуу маселеси колго алынып жатат», - деп билдирди. Чүйдүн көптөгөн мектептеринде физика сабагынан берген мугалимдер жетишпейт.(JJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG