Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:10

18:10 Жалал-Абатта көз карандысыз байкоочулар даярдалууда


«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын Жалал-Абат облусундагы бөлүмү байкоочуларды даярдоодо. Ушу тапта Сузак, Ноокен, Базар-Коргон райондору менен Жалал-Абат шаарындагы шайлоону байкоочулар окутулууда. Аларга 5-октябрдагы шайлоону Шайлоо кодексине ылайык көзөмөлдөөнүн, жарандар менен талапкерлердин жана шайлоо комиссияларынын укуктарын кантип коргоонун жол жоболору үйрөтүлүүдө. Коалициянын облустагы өкүлчүлүгү жекшембидеги шайлоо үчүн кыска мөөнөттүү 40 байкоочуну даярдайт. Учурда иштеп жаткан узак мөөнөттүү байкоочулардын сунуштары боюнча аймактарда шайлоо комиссиялары кайра түзүлдү. Маалымат каражаттарында шайлоо комиссиялардын курамы толук жарыяланбай калган учурлар катталган. Талапкерлер эсеп корлору ачылбагандыктан үгүт иштери начар жүрүп, шайлоокомдор эл менен жолугушууну уюштурбаганына нааразы болушкан. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG