Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

18:12 Ат-Башынын айрым мектептеринин мугалимдери иш таштаарын билдиришүүдө


Мындай маалыматты Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектептин мугалими Капар Өмүрзаков “Азаттыкка” телефон аркылуу билдирди. Анын айтымында райондогу Карыбек уулу Акматаалы жана Жумамүдүн Шералиев атындагы, ошондой эле Ой-Терскен орто мектептеринин мугалимдер тобу 6-октябрда иш таштоого чыгышат. Педагогикалык стаж боюнча кошумча төлөөлөр райондогу мектептердин айрым мугалимдерине толук төлөнгөн болсо, бизге эмне үчүн берилбейт деген Капар Өмүрзаков мындай жагдай боюнча өткөн апта аягында жергиликтүү бийликке, укук коргоо органдарына билдирүү жасагандыктарын кошумчалады. Ат-Башы районунун акими Коногалы Мааткабылов 30дай мугалим кол койгон билдирүүнү алгандыктарын жана түшүндүрүү иштери жасалып жаткандыгын айтты. Облустук акимчиликтен алынган маалымат боюнча, облустун мугалимдери педагогикалык стаж боюнча 96 млн. сом аласа. (KUs)

XS
SM
MD
LG