Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

НООКАТ ОКУЯСЫНЫН АРТЫНДА КАНДАЙ КҮЧТӨР ТУРАТ?


1-октябрда Ноокат райондук администрациясынын имараты таш бараңга алынды. Мындай иш райондук администрациянын алдында Орозо айт күнү тамак-аш таратууга жана лотерея ойнотууга уруксат берилбегени үчүн жасалганы айтылууда. Жергиликтүү бийлик таш бараңга алууну тыю салынган “Хизб-ут Тахрир” партиясы уюштурганын билдирди. Кыргызстан муфтийи Мураталы ажы Жуманов Ноокат окуясына тиешеси барларды ислам динине каршы иштеген, динди жаманатты кылууну көздөгөндөр деп атады.

1-октябрда Ноокатта болгон окуя боюнча азырынча эч ким кармала электигин ички иштер министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Жеңиш Аширбаев “Азаттыкка” бүгүн маалымдады. Анын айтымында, учурда Ноокат районунда окуяга тиешеси барларды аныктоо иштери жүрүп жатат:

- Учурда Ноокатта оперативдик тергөө тобу иш жүргүзүп жатат. Алар массалык баш-аламандыкты уюштургандарды аныктоо максатын көздөп жатат. Массалык баш-аламандуулук фактысы боюнча кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Каныбек Осмоналиевдин билдирүүсүнө караганда, агенттик диний багыттагы мыйзамды кабыл алууну тездетүүнүн үстүндө иш жүргүзөт. Жаңы мыйзамдын өзгөчөлүгү тууралуу Османалиев буларга токтолду:

- Бул мыйзам мамлекет менен деструктивдүү багыттагы диний уюмдардын ортосундагы мамиленин негизин түзөт. Анда диний билим берүүчү мекемелердин укук-милдеттери да аныкталат. Ошондой эле диний миссионерлердин укук-милдеттери такталат. Булар азыр иштеп турган мыйзамда жок. Кылмыш кодексине да азыркы талапка жараша өзгөртүү киргизилет.

Кыргызстан муфтийи Мураталы ажы Жуманов Ноокаттагы окуяга тиешеси барларды ислам динине каршы тургандар катары баалды:

- Кечээки болгон нерсе - бул исламды жаман көрсөткүсү келген, диндин баркын түшүргүсү келген адамдардын иши. Экинчи жагынан, мамлекетте мыйзам бар. Мыйзамдын алдында жооп беришсин алар. Алланын алдында алар жооп берет. Ошол кудайдын ыйык күнүн сыйлабай, кудайдын ыйык куранын сыйлабай, кудайдын шариятын сыйлабай ушул ишке барган адам кудайдын алдында жазаланат, - деген муфтий Ноокаттагы расмий дин өкүлдөрү, имамдардын бири да бул окуяга тиешеси жок экенин кошумчалады.

Муфтий жана дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы окуя менен таанышуу үчүн бүгүн Ноокат районуна жөнөп кетет.

Коопсуздук кеңештин катчысы Исмаил Исаков Ноокаттагы окуя боюнча бүгүн жыйын куруп, аны мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирген окуя катары баалап, тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылды.

Каныбек Осмоналиевдин айтымында, диний уюмдардын ишин теске салуучу, азыркы заман талабына жооп берген “Ишеним эркиндиктери боюнча” мыйзам жакын арада парламентте каралат.

Парламенттин коопсуздук, коргонуу, тартип жана соттук-укуктук реформа боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Асанбек Байтиков мыйзам каралыш мүмкүндүгүн айтып, бирок Ноокаттагы окуя боюнча кабары жок экенин билдирди.

Социал-демократиялык фракциянын лидери Бакыт Бешимов окуя тууралуу толук маалымат берүүнү өкмөттөн талап кылды. Бешимовдун пикиринде, бул иште шашылыш чечим кабыл алуу туура эмес:

- Эгерде ал ишти чынында эле Хизб-ут Тахрир уюштурса, ага өтө ийкемдүү, алысты көздөгөн чараларды көрүш керек. Азыркы учурда мени таң калтырганы, тез арада шашылыш жыйынтыкка келип, баш-аламандыкта маселе каралып жатканы. Мамлекеттик коопсуздук жөнүндө ойлонгон адамдар андай иш жасабайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG