Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Гаага трибуналында мурдагы югослав армиясынын генералы үстүнөн сот башталды


Мурдагы Югославиянын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын мурдагы башчысы Момчило Перишич аскерий жана адамзатка каршы жасаган кылмыштары үчүн айыпталууда. Ага коюлган айыптар 90-жылдардын биринчи жарымындагы согуш учурунда Босниянын борбору Сараевонун камалоого алынышы, Сребреница шаарынын тургундарынын массалык кыргынга учурашы менен байланыштуу.

Гаага трибуналына 2005-жылы багынып берген Перишич өзү күнөөсүз экенин билдирген. Ал мурдагы югослав армиясынын Балкандагы жаңжаалга байланыштуу иши сотто каралып жаткан эң жогорку даражалуу офицери. Айыптуу деп табылса, өмүр бою түрмөгө кесилүүсү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG