Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

07:15 “Жашылдар партиясынын” шайлоочулар менен жолугушуусу үзгүлтүккө учурады


Кечээ Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтында аталган партиянын өкүлдөрү шайлоочулар менен жолугушуп концерттик программа тартууламак. Кечки саат он жетилерде Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери келип, партиянын жарнак-ураандарын, үн күчөткүч аппаратураларын күч менен алып кетишти. Жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевдин пикиринде тартип коргоо кызматынын бул аракети адам укуктарын тебелеп, мыйзамды сыйлабагандык.
- Бийлик элге иштебей калды. Азыркылар Бакиевдин эле бийлигине иштеп калды. Өлкөдө акыйкатчылык, адилеттүүлүк орносун деп биз ушул акцияны уюштуруп жатабыз.
Бөлөкбаев ошондой эле жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдында жер-жерлерде мыйзам бузууларга жол берилип, “Ак жолдон” башка партиянын өкүлдөрүнө кысым болуп жатканын, жергиликтүү администрация башчылары “ак үйдүн” тапшырмасын аткаруу менен чектелип калганын кошумчалады. Ал эми борбордук аянтта ошол маалда окуяга көзөмөл кылып турган Ички иштер министринин орун басары Темиркан Субанов болсо тартип коргоо кызматтарынын аракетине жана аталган партиянын милиция кызматкерлерине карата койгон дооматтарына жооп берүүдөн баш тартты. Бишкек шаар башчысынын орун басары О.Тарбинский аталган партиянын аянтта жолугушуу өткөрүү тууралуу кабараландыруучу катына 12 күндүк мөөнөтү туура келбейт деп, уруксат берүүдөн баш тарткан. Жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев кабарландыруучу катты 24-сентябрда шаар бийлигине жолдогонун, шайлоочулар менен жолугушууну бүгүн кечинде улантышарын билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG