Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

07:37 Жусупжан Жээнбековдун уулу он күндөн бери табылбай жатат


Жогорку Кеңештеги СДПК партиясынан депутат Жусупжан Жээнбековдун 34 жаштагы уулу Бактияр Амражанов он күндөн бери дайынсыз жок. Маалыматтарга караганда ал кичинекей уулун бала бакчага жеткирип, ошол бойдон үйүнө кайтып барган эмес. Анын автоунаасы, чөнтөк телефону дагы табылбай жатат. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп Октябрь райондук ички иштер бөлүмү издөөгө алды. Жээнбековдун 2-октябрда билдиргенине караганда, баласынын жоголуп кеткени тууралуу издөө салган маалыматты УТРК алган жокпуз деп эфирден чыгарбай Октябрь ИИБ шылтаса, ички иштер бөлүмү УТРКга мурда эле маалыматты жөнөткөнүн айткан. (AJ)

XS
SM
MD
LG