Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

07:45 Ч.Жакупова: Президент К. Бакиев өлкө башчысы эмес ата катары билдирүү жасашы керек


Президент Курманбек Бакиев уулу Максим Бакиев жөнүндө БШКнын төрайымы Клара Каблиованын теле берүүсүнө карата моралдык жактан болсо дагы жооп бериши керек эле, деп билдирди “Адилет” клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова “Азаттыкка”. Анын айтымында, буга чейин Өмүрбек Текебаевге байланыштуу “матрешка-гейт” чатагы жана Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиевдин “Алиби”, “Де-факто” гезитине чыккан макаладагы окуяга байланыштуу соттук териштирүүлөр, эл аралык издөөдө жүргөн Борис Березовскийдин Кыргызстанга келишине божомолдор, үй бүлөлүк башкаруу тууралуу айтылып жаткан сын-пикирлерге өлкө башчысы катары эмес, үй-бүлөсүн коргогон ата катары коомчулукка билдирүү жасашы керек. Жакупова ошондой эле Башкы прокуратура аны 2-октябрда суракка чакырып, тергөөчү Клара Кабилованын кайрылуусун оппозицияга ким бергенин, анын каякта экендигин, учурда аны менен байланышы бары-жогу жана башка суроолорду бергенин кошумчалады. К.Кабилованын теле кайрылуусун коомчулукка алып чыккан бир катар оппозициячыл саясатчылар кечээ Башкы прокуратурага суракка чакырылган. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG