Россиянын маалымат каражаттары билдиргендей, башкы прокуратура журналист Анна Политковскаянын өлтүрүлүшү боюнча ишти сотко жөнөттү. 3 киши кылмышты уюштуруу үчүн күнөөлөнүүдө. Бирок кылмышты ишке ашырган адам кармала элек. Прокурорлордун ырастоосунда, ал европа өлкөлөрүнүн биринде жашырынып жүрөт. Буйрутма бергендер да табыла элек. Новая газета басылмасынын журналисти Политковская 2 жыл илгери Москвада киши колдуу болуп өлгөн. Ал Кремлдин сынчысы катары белгилүү болчу жана Чеченстандагы адам укуктарынын бузулушу жөнүнө жазып келген.