Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:00

Б. БӨРҮБАШЕВ: ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАШКАРУУНУ МЫЙЗАМ АРКЫЛУУ ЧЕКТӨӨ КЕРЕК


Бир аптадан ашык убакыттан бери коомдук-саясий чөйрөнүн назарынан түшпөй келаткан окуялардын бири БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын билдирүүсү болууда. Окуянын оң-терс таасирлери тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна юрист- окумуштуу, көз карандысыз эксперт Бекбосун Бөрүбашев жооп берди.

- Бекбосун мырза, БШКнын мурдагы төрайымынын билдирүүсү чын эле бул аптада да башкы темага айланды. Маселен, оппозиция муну үй-бүлөлүк башкаруунун, президентке жакын саясий топтордун кармашынын туундусу катары баалап, бул мамлекеттин коопсуздугуна шек келтире турган маселе деп жатышат? Бул окуяга сиз кандай баа берип жатасыз?

- Кабилованын кайрылуусу менен таанышып чыктым. Чынында эле бул саясий туруксуздукту көрсөтүп турат. Муну ар кандай өңүттө талкууласа болот. Чынында азыркы убакта биздин жогорку мамлекеттик бийликте биздин азыркы президентибиздин бирдиктүү командасы жок экендиги, команданын ичинде ынтымактын жок экендиги көрүнүп турат. 5-октябрда боло турган шайлоонун астында БШКнын төрайымынын мындай кадамга барышы чындыгында өтө кооптуу көрүнүш да.

- Коомчулукта үй-бүлөлүк башкаруу Кыргызстандагы жугуштуу илдет катары бааланып жүрөт. Буга сиз ынанасызбы? Мындайды болтурбоо, жок дегенде ушундай ойду коомчулукта жаратпоо үчүн реалдуу бийлик башындагы адамдар, анын ичинде президент эмне кылышы керек?

- Үй-бүлөлүк башкаруу жөнүндөгү сөз болуп келатат. Мурдагы президент учурунда да мындай көрүнүш болгон. Азыркы президент учурунда да ушундай сөздөр кайра-кайра күчөп атат да. Мунун себептери болушу керек. Ошондуктан, муну мыйзамдуу түрдө чечиш керек. Үй-бүлөлүк башкаруу болуп атса, анын келип чыгыш себептерин тактап туруп, мыйзамдын, саясаттын, айрыкча мыйзамдын жолу менен ошого бөгөт кое турган механизмдерди иштеп чыгышыбыз керек. Бул негизги мыйзамда, конституцияда орун алыш керек болчу. Мисалы, президент болгондон кийин президенттин үй-бүлөсү, бала-бакырасы, кайын-журту жана жоро-жолдошу саясий жараяндарга активдүү катышпаш керек. Ушуну мыйзам түрүндө чечишибиз керек эле. Батыштагыдай чек коюш керек болчу. Мисалы, 2006-жылкы конституциялык реформанын убагында биз ошонун кээ бир механизмдерин бергенбиз. Бирок объективдүү, субъективдүү себептер менен бул укуктук механизмдер кирбей калган.

- Азыр эми мамлекеттик башкарууга доо арткан Кабилованын билдирүүсү, Ноокаттагы диний чатак, электр энергиясынын тартыштыгы өңдүү маселелер коомчулуктун көңүл чордонунда болууда. Бул коомдук-саясий кырдаалга кандай таасир этиши мүмкүн?

- Таасир этиши мүмкүн. Бирок коомдук саясий кырдаалды бир кишинин кайрылуусу же жергиликтүү көрүнүш түп-тамырынан чечип кое албайт. Коомдук-саясий кырдаалга экономикалык абал өто чоң таасир тийгизет. Чындыгында Кыргызстанда экономикалык абал оорураак болуп турат. Электр энергиясы өчүп атат, баа кымбаттап атат, кыш жакындап келатат. Мына ушул өңдүү маселелер коомдук-саясий кырдаалда чечүүчү ролду ойноп коюшу мүмкүн. Буга жанагы Орозо айттагы Ноокаттагы окуя өңдүүлөр түрткү болуп коюушу мүмкүн. Ошондуктан, мамлекет башчы экономикалык, социалдык абалга биринчи көңүл бурушу керек. Эгер бизде баары жакшы болуп, эл бакыбат турмушта жашаса андай чоң нааразылык болбойт. Ал эми коомдо бир кишинин, эки кишинин, ар кандай топтордун нааразычылыгы боло берет. Болушу керек. Оппозиция дагы болушу керек.
XS
SM
MD
LG