Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

МУГАЛИМ БОЛУУДАН ЖАШТАР ЖАА БОЮ КАЧЫШАТ


Айгул Жунушалиева, Азаттык Октябрдын биринчи жекшембисинде мугалимдер кесиптик майрамын белгилейт. Бирок майрамдык иш чаралар бардык мектептерде ушул жуманын ортосунан эртелеп эле башталды. Адатта бул майрамда ардактуу кесип ээлерине жылуу сөз, кучак-кучак гүл менен белек-бечкектер арналат. Бирок майрамдык маанай канчалык жакшы болбосун, чечилбей түйүнгө айланган, мугалимдердин жүрөгүн өйүгөн проблема көп.

Элмира Жумалиева мугалимдер күнүн бир гана жолу, мындан 2 жыл мурда майрамдаган. Анда ал университетти жаңы эле аяктап, мектепке мугалим болуп орношкон эле. Бирок жарыбаган маянага ичи чыкпай, жарым жыл иштеген соң, мектептен кетип калган:

- Бир жарым миң сом айлык акы менен жарым жылдай иштедим. Анан ал акча эч нерсеге жетпей турганына көзүм жетип, ишти таштадым да, Орусияга соода кылганы кетип калдым. Ал жакта албетте оор болду, бала багып акча таптым. Антсе да мурдагыга караганда кыйла көп маяна ала баштадым. Бирок туулган жерди сагынып, Кыргызстанга келгем. Эми бул жактагы абалды көрүп алып, кайра эле кетсемби деп калдым.

Адистердин айтымында, Элмира өңдүү мектепти таштап, акчасы көбүрөөк башка эле жумуш таап кеткен мугалимдердин саны жыл өткөн сайын өсүүдө.

Бишкектеги кадр агенттиктердин биринин менеджери Светлана Косолапованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, мугалимдер көбүнесе коңшу Казакстанга агылууда:

- Өлкөдөгү кадрлардын көбү Казакстанга кетип жатат. Алардын арасында мугалимдер бир топ. Анткени ал жакта мугалимдер жетишсиз, ал эми айлык акы биздикине салыштырмалуу бир топ жогору.

Расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта Кыргызстан боюнча үч миң алты жүздөн ашык мугалим жетишпейт. Ал эми мектептерде 117 миң мугалим эмгектенет. Алардын 75 пайыздан ашууну - жашы кырктан өткөн жана эс алууга чыккандар.

Нарын шаарындагы орто мектептин математика мугалими Кожобердиева Эсендин айтымында, жаш педагогдор жарыбаган маянадан качып, өз кесиби боюнча иштегилери келбейт:

- Биздин мектепте мугалимдер жетишпегендиктен, мага окшоп пенсияга чыкса деле иштеп жүргөндөр бир топ. Анан эмне кылат элек? Эки-үч миң сом үчүн кайсы жаш кадрдын эртеден кечке сабак бергиси келсин? Физика, химия, математика өңдүү көптөгөн сабактар боюнча мугалимдер жетишпей, балдар татыктуу билим албай жатышат.

Билим берүү министрлиги мугалимдик кесиптин аброюн көтөрүү, жаш кадрларды колдоо максатында эки жыл мурда “Жаш мугалимдин депозити” программасы кабыл алынган. Бул программа боюнча, сынактан өткөн, өз кесиби боюнча иштеген жаш педагогдордун банктык эсебине айына 3 миң сом которулуп турат. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, учурда бул программа боюнча жер-жерлерде 1900 жаш мугалим эмгектенүүдө. Бирок адистердин айтымында, бул долбоор мугалимдер тартыштыгын чечүүгө анчалык деле чоң жардам берген жок.

Ошентип мугалимдик кесиптин баркы кетип турганда, бир окуя абалды дагы начарлатып жибергендей болду. 2003-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча, мугалимдерге педагогикалык стаж үчүн кошумча төлөмдөр берилиши керек болчу. Бирок ушул убакка чейин ал мыйзам аткарылбай, педагогикалык стаж үчүн мугалимдерге бир дагы тыйын тийген эмес. Миңдеген мугалимдер мамлекеттен мыйзамдуу аласа акысын доолап сотко кайрылышкан. Сот алардын пайдасына чечим чыгарып берген. Бирок Каржы министрлиги соттон жеңип алган мугалимдердин баарына милдеттүү болгон акча каражатын төлөп берген эмес. Ошондуктан сот чечими чыкса дагы мыйзамдуу акчасын колуна албаган мугалимдер нааразы болуп, сентябрдын аягында Бишкекке келип, Каржы министрлигинен таман-акы мандай теринин акысын талап кылышты. Мугалимдер жакын арада бул маселе чечилбесе кескин чараларга барууга аргасыз болорун айтышкан. Ушул тапта, айрым маалыматтар боюнча, жер-жерлерде мугалимдер иш таштаган көрүнүштөр орун алууда.

СДПК партиясынын мүчөсү, депутат Бакыт Бешимовдун айтымында, өкмөт мугалимдердин көйгөйлөрүн тез арада чечпесе, анда абал кескин начарлап кетет:

- Мугалимдердин көйгөйлөрү канча жылдан бери чогулуп отуруп, тоодой болуп үйүлүп калды. Бул маселени тез арада колго алуу зарыл. Жалпы элге кышка тезек тергиле деп айтылды, мугалимдерде акча болбосо көмүрдү кантип алат, тезекти кантип камдайт?

3-октябрда Бишкекте мугалимдердин кесиптик майрамына карата өткөн салтанаттуу жыйынга катышкан президент Курманбек Бакиев педагогикалык стаж үчүн төлөмдөр Өкмөт бекиткен график боюнча төлөнүп берилерин билдирди. Өкмөт педагогикалык стаж үчүн 2003-жылдан бери жыйылган карызды 2010-жылдын аягына чейин этап-этап менен төлөп берүү жөнүндө чечимге келген.
XS
SM
MD
LG