Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:18

16:05 Укук коргоочулар Дамир Лисовскийге ишенишпейт


Бул тууралуу укук коргоочулардын координациялык-консультативдик кеңеши президентке, Жогорку Кеңешке жана коомчулукка жолдогон кайрылуусунда айтылат. Укук коргоочулар кайрылуусунда БШКнын төрагалыгына шайланган Дамир Лисовскийге шайлоо жана референдумдарды калыс жана акыйкат өткөрөт деген ишеним артышпасын билдирип, бүтүндөй БШК мүчөлөрүн таратууну жана аны реформалоону мамлекет башчысына сунуш кылышты. Буга Лисовскийдин бүгүн парламентте экс-төрайымдын ишке жөндөмсүз экендигин бир ай мурда билдик деп айткандыгы жана БШКнын мурдагы мүчөсү Жылдыз Жолдошеванын “Лица” гезитине берген интервьюсунда парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясы 19 добуш алган, бирок Ак үй менен соодалашуудан кийин мандатсыз калган деген маалыматы негиз болот. Укук коргоочулар комиссияда буга чейин иштеген Лисовскийге мына ушундай кыңыр иштерди билип туруп, ага тоскоолдук кылган эмес жана борбордук орган катары БШКнын кыйроосуна жол берген деген кинелерди коюуда.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG