Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:56

17:26 ИИМ: Ноокат райакимчилигин ташбараңга алууну «Хизб-ут-Тахрир» диний экстремисттик партиясы уюштурган


Ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары Жеңиш Жакыпов Оштогу маалымат жыйынында Ноокат райакимчилигин ташбараңга алган массалык башаламандыкты Хизб-ут-Тахрир диний экстремисттик партиясынын лидерлери уюштургандыгын жарыя кылды. Анын айтымында, 1-октябрдагы кесепеттин чыгымдары тактала элек, бирок араздашуу убагында милициянын – 8, улуттук коопсуздук комитетинин – 1 кызматкери, ошондой эле жалгыз жаран жаракат алган. Жогорудагы акциянын активдүү катышуучусу Акбаралы Эргешов 1-октябрда Ноокат акимчилигинин алдына топтолгон кишилердин бири дагы Хизб-ут-Тахрир уюмунун мүчөсү эместигин, алар болгону Орозо Айтты борбордук аянтта белгилөөнү талап кылып чыгышкандыгын билдирди. (ATo)

XS
SM
MD
LG