Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:41

Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек Кыргызстан кош жарандыкты тааныган өлкө. Былтыр жазында өлкө парламенти бул жаатта атайын мыйзам кабыл алган. Жаңы Баш мыйзамда да көрсөтүлгөн. Мыйзам башка мамлекеттердин, өзгөчө Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктардын ой-талабын көздөмөкчү. Бирок орус өкмөтү кош жарандык боюнча кыргыз тарап менен келишим түзүүгө азырынча кызыкпай турат.

Маалыматка ылайык былтыр эле алтымыш миңдей кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алган. Анткени атуулдук алаары менен орус жеринде кыргыз мигранттарынын түйшүгү кыйла жеңилдей түшөт.

Ильяс аттуу жигиттин Орусияда жашап иштеп жүргөнүнө көп болду. Анын айтымында орус жарандыгын алуу көп деле кыйынчылыкка турбайт:

- Орусияда үч айга каттоого турасың. Кыргызстандан каттоодон чыгасың. Чыкты деген кагаз аласың. Келесиң. Элчиликке барып Орус Федерациясында такай жашайт деп учетко турасың. Баардык документтериңди алып паспорт столго барасың. Мамлекеттик пошлина төлөйсүң, үч ай күтөсүң, андан кийин эле Орусиянын жарандыгын берет.

- Сиз Кыргызстандан алган паспортуңузду тапшырдыңыздар беле?

- Аны өткөрө элекпиз. Өткөргүлө деп Кыргызстандан айтышкан.

Орус атуулдугун алгандан кийин минтип кыргыз паспортторун өткөрбөй жүргөндөр арбын. Ушундан улам канча кыргызстандык орус жараны болгонун тактоодо кайчы маалымат жаралууда, дейт президент алдындагы Жарандык боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Рахатбек Мамаев:

- Орусияда атуулдук облустардагы ички иштер башкармалыгынын деңгээлинде кабыл алынат. Ушундан улам алардын так санын чынында эч ким билбейт. Өз кезегинде атуулдук алган биздин жарандар паспортторун тапшырбайт. Кетип жаткандардын сөзсүз паспортторун алып калгыла, деп биз Тышкы иштер министрлигине кат жолдогонбуз. Бирок алар алып калышпайт.

Рахатбек Мамаев ушул тапта “Кош жарандык тууралуу” мыйзам толук ишке кире электигине токтолот:

- Чынында ал мыйзам бар, бирок азырынча иштей элек. Бул мыйзам негизинен Орусияга карата кабыл алынган да. Орусия болсо кош жарандуулук тууралуу биз менен келишим түзүүдөн баш тартууда. Мыйзамды кабыл алдык, биздин өлкө даяр. Балким Орусия кийинчерээк пикирин өзгөртөөр, же Украина же дагы башка мамлекеттер өз мыйзамдарына кош жарандык боюнча норма киргизээр.

Орусиядагы кыргыз элчиси Райымкул Аттокуров орус өкмөтү бул маселени кароодон баш тартканын тастыктайт:

- Орусиядан “бүгүнкү күнгө актуалдуу эмес”, деген жооп алганбыз. Булар бул маселени карай элек. Кыргыздарга кош жарандыкты берип койсок, калган мамлекеттер кандай болот деген мааниде токтотуп коюшкан.

“Кош жарандык тууралуу” мыйзамдын демилгечилеринин бири депутат Кубанчыбек Исабеков. Анын айтымында бул мыйзам эң оболу миңдеп-сандап орус атуулдугун алган кыргызстандыктарды кийин мекенине кайтарууга шарт түзмөкчү:

- Кош жарандыктын жоокерчилиги да бар. Мисалы, жашы жеткен кайсы мамлекетке кызмат кылат, кайсы мамлекеттин пенсиясын алат, кайсы мамлекетке салык, тиги-буларды төлөш керек. Камсыздандыруу проблемалары бар. Ошон үчун бул жагын өкмөт карап көрүшү керек.

Кыргыз өкмөтүнүн кош жарандыкты эң оболу Орусиянын таанышына кызыкдар болуп жатканы бекер эмес. Анткени эң көп кыргыз мигранттары дал ушул мамлекетте эмгектенет. Айрым серепчилер Кыргызстанда жумушсуздуктун айынан чет өлкөдө иштеп үй-бүлөсүн баккандар кайсы бир деңгээлде өлкөдөгү социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыз келгенин белгилешет.
XS
SM
MD
LG