Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:47

Кыргыз калкына кара жаак, жез таңдай атыккан төкмө жана жазгыч акын, айтылуу дастанчы, обончу, комузчу, эл артисти Калык Акыев “өйдө тартса өгүз, ылдый тартса араба сынган” заманда туулуп өсүп, жаш кездеги тагдыры татаал болгон.

Ар тараптуу тубаса талант-шыкка бай Калык Жумгалдын Кара-Ой деген жеринде Байгазак болуштун кунуна жыгылып, итке минип калган жыгач уста, көзгө атар мергенчинин үй-бүлөсүндө туулат.

Акы Байзак болуштун каарынан жер арыса, чогойно басат. Жер арыса өңүнөн азат болуп, арып ачып, алгач Тогуз-Торого, ал жерден жолу болбогон соң Кетмен-Төбөнүн Ничке-Сайында жашап калат.

Акы “колу ойногондун оозу ойнойт” дегендей кол өнөрчүлүктүн аркасы менен бүт үй-бүлөсүн багат.

Бешиктен бели чыккандан чыйрак, шок өскөн Калык сегиз жашынан ырга ынак, күү жандуу, манап Төрөкелдинин өмүрүндө баш байгени бербеген Керооз аттуу күлүгүн чаба баштайт. Аш, тойлорго барат.

Кезектеги бир чоң тойдон ак таңдай төкмө акындар Эшмамбет менен Жаңыбайды көрөт. Эки акындын Калыктын чаап жүргөн күлүгүн мактаган алым сабак айтышын угат. Тубаса музыкалык сезимге бай Калык эки акындын алым сабагын дароо илип алат.

Эл арасында ырдай баштайт. Калык 11 жашка чейин манап Төрөкелдинин күлүгүн чабат.

Орозо, Курман айттарында айыл аралап мындайча жарамазан айта баштайт.

Айыл арасында “Бечара Акы устанын уулу ырдайт экен” деген сөз тарайт. Калык 13кө чыкканда энесинен айрылат. Үч жашар бөбөгүн кучактап жетим калат. Ал кезди “Баскан жол” аттуу китебинде:

“Мен 13кө чыкканымда июнь айында энем каза болду. Үч жашар бөбөгүмдү кучактап, жетим калдым. Төрт музоолуу уй бар. Эки-үч күнү айылдагы аялдар уйларды саап беришти. Андан кийин алар жолобой коюшту. Чоң манаптын айлы болсо, жүдөгөн жетимдерге ким карашсын. Боордош ага-тууган жок.


Бөбөгүм ыйласа, сооротуп, уйларды өзүм саап, сүтүмдү бышырып, кадимки аялдарча каймактын каймагын сызгырып, чөбөгөсүн энеме куран окутуп келгендерге берем.

Атам үйгө кээде келсе, кээде келбейт. Ар кимге үй жыгач жасоого кетип калат. Чынында эле атам оокатка, малга кароо киши эле . Ошондо ар нерсени ойлонуп, эч болбосо үйгө каралашар бир киши жоктугуна күйүнүп, Бектурган жетимчемди кучактап, энемди кошуп ыйлаганым:

Аттанып үйгө токтобой,
Айылга кетет атакем,
Алмадай бизди зарлатып,
Акырет кеттиң апакем.
Азапты башка жиберген,
Ажалдан келген капа экен,
Пааналап үйгө токтобой,
Бастырып кетет атакем.
Апаке,
Үйүң калды тигилбей,
Үзүгүң калды бүгүлбөй,
Үшкүрүгү таш жарып,
Апаке,
Үч жетим калды түңүлбөйт” – деп, жоктоп ботодой боздогонун жазган.

Ошол күндөн Калыктын ыр дүйнөсүнөн тушоосу кесилет.

14 жашында Калык биринчи жолу калк алдына манап Төрөкелдининин жакын тууганы Чоробай ажы өлгөндө манаптын өтүнүчү боюнча ажыны мактап ырдайт.

Төрөкелди Калыкка кунан мингизет. Ошол күндөн Калык айылга келечеги кең, ак таңдай акын катары тааныла баштайт.

Күндөрдүн биринде малайлыктан башы чыкпай, көрбөгөндү көрүп, тартпаган азаптарды тартып жүргөн Калык Жумаалы дегендин үйүнөн айтылуу Токтогулга жолугат.

Калык Токтогул менен саламдашып ыр менен учурашат. Узун сабак ырында Калык Токтогулдан “Үлгүлүү нуска үйрөтүп, Токо, чукул коштоп сүрөгүн” – деп, өтүнөт.

Токтогул болсо “Эртең менен келгин балам” – дейт. Эртеси Калык келет. Током кийип турган чапанын жаш төкмөгө чечип берет.

Ошол күндөн Калык Токтогул менен ата-баладай бирге жүрөт, шыгын жетилтет. Устатынын ырларын ырдайт, дастандарын айтат. Күүлөрүн чертет. Калык Токтогулду “улуу устатым” деп, өлөр өлгөнчө кол үзүшпөйт.

Кара жаак, жез таңдай атыга баштаганда Калык “Жокчулук” аттуу ырын кандайча чыгарганы жөнүндө мындай деп эскерет:

- Жылдардын бир жылдарында, айлардын бир айларында катуу жут болуп, мал кырылат. Элди ачарчылык каптайт. Колунда жок малсыз, алсыз жарды-жарчылар, жетим-жесирлер тентийт. Кечки бешим маалы. Мен малай болуп жүрүп алган комузумду таңшыта чертип, ары-бери басып турам. Дөңдө отурган кемпир-чалдар мени чакырышты. – Ой, тобоо, кантип кетер экенбиз? Үнүң күйгөн кайырымсыз байлар карашпады. Залим манаптар салык салып, уруп сабап чыркыратып, тапканды алып турушса канткенде чиркин жанды сактаар экенбиз? Ой, Калык балам, өлбөгөн жанга күү, ыр угуп, кайгылуу көңүлдү сергителик. Комузуңду чертип, обонуңду кошо сала отур дешти. Ошондо мен:

Он төртүмдөн жалданып,
Малай кылдың жокчулук.
Жатканымды мал баккан,
Сарай кылдың жокчулук.
Чемирчекти жашымдан
Кайрыдың го жокчулук.
Чечен тилди, тең сөздөн
Айырдың го жокчулук.
Сары сууга жүрөктү,
Алдырдың го жокчулук.
Суусунумду мээнетке,
Кандырдың го жокчулук.
Жардылыкка таянтып,
Алдантасың жокчулук.
Жайы-кышы бир койго,
Жалдантасың жокчулук.
Кайгы санап ойлонтуп,
Саргартасың жокчулук.
Ат ордуна бир таяк,
Карматасың жокчулук.
Жатсам жамбаш жоорутуп,
Жара кылдың жокчулук.
Балапан күндөн тартканым,
Санаа кылдың жокчулук,
Кайыштырып жашымдан,
Карып кылдың жокчулук.
Кабыргама май бербей,
Арык кылдың жокчулук.
Панардай тунук көзүмдү,
Талыттырдың жокчулук.
Айылдан тамак улатып,
Зарыктырдың жокчулук.
Кийгенимди бутума,
Чарык кылдың жокчулук
Загыра нанга жеткирбей
Зарлантасың жокчулук, - деп ырдаган элем деп эскерген Калык.

Бир жолку жолугушууда узак жылдар бою атактуу Калык менен филармонияда иштешип артисттик турмуштун ачуу, татууусун бирге татышып, ата-баладай болуп жүргөн маркум эл артисти Эстебес Турсуналиевдин айтканы:

- Калык аксакал өтө жөнөкөй, айкөл адам эле. Мен 1947-жылы филармонияга келдим. Эки жылдан кийин Токтосунду Калык аксакал алып келди. Какемдин үйүндө үч жыл жашады. Көрсө, Токтосун экөө отуруп алып ыр жазчу экен. Шайырлар филармонияга келгенде ар ким ар кандай иштер менен алек болушат. Ал эми Какем болсо концерттик залга отуруп алып ыр жазат. Бир жолу Сайид Бекмуратов “Каке мага да ыр жазып бериңизчи” – деп суранат. Ал кезде “Победа” деген авто машина жаңыдан чыккан. Какем Сайид акеге машина жөнүндө “Ташка салса тайгылбаган туягың. Учкан куштай бара жаткан сыягың” деген шекилдүү саптарда ыр жазып берет. Сайид акенин ырдап көнүгүп жатканын уккан Райкан: “Сайид аке ырдап аткан ырыңыз обону менен айкалышпай атат” – десе, ал: “Эмне үчүн айкалышпайт” – десе, Райкан: “Сиздин обонуңуз баткака шыгылып калган машинадай буксовать этип атат” – десе, Сайид аке: - “Анда мен ырдабайм. Какемден башка ыр алам” – деп Какеме барып “Гүлсананын ыры” деген ырды жаздырып алат. Кезектеги бир концертте Сайид аке “Гүлсаранын ырын”: - Мен эмгекчинин кызымын, күнүндө, тоготпойм күндүн ысыгын” – деп ырдаса, концерт угуп отурган карыя: - “Оо муруту балтайган кара кыз турбайбы” – десе, Сайид аке үйгө кирип келип: - “Осоке, Калык аке жаман киши экен. Эмне үчүн мага кыздын ырын жазып берген” – деди. Көрсө, Сайид аке ырга маани бербептир. Какем ким ыр сураса жазып бере берүүчү. Какемдин сөзүнө Ж.Шералиев, Б.Эгинчиев обон чыгарды. Мен Какемин “Баскан жол” деген китебин кайра-кайра окуп эс алам. Какемин китебинен “Бүркүтчү Мамырын”, “Акишимин”, “Андалектин” обонун салып ырдап чыктым. Илгери Какемдин “Татына” деген күйгөн ыры бар эле. Аны Ысмайыл Борончиев да, Абдрашит Бердибаев да ырдап жүрдү. Кийин биз дагы ырдап баштадык.

Керели кечке сүйлөшүп,
Кеч болжоп минсем атыма,
Кейийт экен жүрөгүм
Келтирип жазган катыңа
Кейибей кантип чыдаймын,
Келинден тилиң татына.
Таң атканча сүйлөшүп,
Таң болжоп минсем атыма
Таң каламын окусам
Таасындай жазган катыңа.
Тайтаман сага жете албайм,
Далайдан тилиң татына,
Кара кемсел кайырма
Күкүшүмдөн айырба.
Ээ, айырба, айырба – деп ырдаган эле Какем.

Бурулду минип бурчутуп,
Бурчута чаңын ыргытып,
Балким бирөө көрөт деп,
Бастырып барсам жылжытып.
Ошондо жигит келди деп
Келгендикти белгилеп,
Түшкүн жигит, түшкүн деп
Түшүп суусун ичкин деп.
Көңүлүм сенде таң ата.
Көптөн бери күттүм деп
Терезеден ай тийип,
Көралбай көзүм тунарып,
Өзүң салган төшөктөн
Мен бара салсам буралып,
Ошондо жатсаң кубанып.
Сен жанымда турсаң буралып.
Кылчайып карап коюшуң
Кызыл буурул чалыштай
Кыйчалыш өтүп кетипсиң
Кыз кезиңде таанышпай.
Бурулуп карап коюшуң
Бураңга чыккан камыштай
Мурунураак таанышпай.
Тааныш болуп алышпай
Мен ошондо сага жабышпай, - деп тескери күйгөн деп ырдасам, Какем карс-карс күлүп коер эле.


Сүрөттө: Алымкул Үсөнбаев (солдо) менен Калык Акиев (оңдо). Автордун архивинен.
XS
SM
MD
LG