Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:17

Эдил Сапарбек уулу, Прага ш АКШнын өкмөтү жарга кептеген каржы кризисин чечүү үчүн сунуштап жаткан долбоорун Конгресс колдоп берген күндө да, Америка экономикалык туңгуюктун кулачында айлап, ал түгүл жылдап кала берет өңдүү. Бирок ошентсе да учурда президенттикке ат салышып жаткан негизги талапкерлер Барак Обама менен Жон Маккейндин болочок өкмөттөрү айрыкча тышкы саясат тууралуу көптү үмүттөндүргөн пландарын айтышууда. Бирок экономикалык каатчылык каптаган кырдаалда алардын саясаты канчалык денгээлде АКШ үчүн натыйжалуу болоор экен?

Эгерде Конгресс өкмөт сунуштап жаткан “куткаруу долбоорун” колдоп бере турган болсо, анда АКШнын карызы дагы 700 миллиард доллардан ашуун көлөмдөгү акчага “оордой” түшөөрү ажеп эмес.

Ал эми АКШ президенти Жорж Буш бул долбоор колдоого алынбаса, анда анын жыйынтыгы мындан да оор болоорун белгилөөдө.

- Жакында эле биз күбө болгон баалуу кагаздар базарындагы кескин төмөндөө түздөн түз ардагердик эсептерге, пенсиялык корго жана миллиондогон атуулдарыбыздын жеке аманаттарына кесепетин тийгизет. Эгерде биздин атуулдар алдыга жылууга салымын кошпосо, анда экономикалык каатчылыктын таасири оор жана узакка созулат.

Бирок кандай гана чукул каржылык чаралар көрүлбөсүн, АКШ өзүнүн тышкы саясатка багытталган сарптоолорун кыскартууга мажбур болмокчу дейт Вашингтондогу Карнеги корунун саясат изилдөө институтунун өкүлү Томас Кэрозерс (Thomas Carothers).

Ирактагы жана Ооганстандагы аскердик өнөктүктөрдү каржылоонун кыскартылышы жакын араларда жүзөгө ашырылбайт шекилдүү. Мисалы ай сайын Ирактагы согуш үчүн АКШ 10 млрд. долларын бөлөт, Ооганстанда мындан кыйла азыраак.

Кэрозерстин божомолунда, эгерде сенатор Жон Маккейн президент болуп калчу болсо, анда ал Ирактагы согушту колдоп, каржылоону андан ары да «берешендик менен» уланта берет. Ал эми сенатор Барак Обама президент боло турган болсо, анда ал Ирактагы АКШнын аскердик күчтөрүнүн кыйласын чыгарып кетүүгө убада кылган, бирок ошол эле маалда Ооганстанга бир топ жаңы аскер күчүн киргизүүнү пландап жатат, дейт Кэрозерс.

Дегинкиси, Кэрозерс мырза эки президентикке талапкер тең өздөрүнүн убада кылып жаткан максаттарын кайра карап чыгуусу абзел деген пикирде.

-Менимче АКШ кыйчалыш абалга кептелип турганда Обаманын башка өлкөлөргө олуттуу жардам көрсөтүү демилгесине америкалыктарды көндүрүү оңой эмес. Ошондой эле мен үчүн Маккейндин президенттигинин тушунда биз аскердик өнөктүктөрдү кескин кыскартууга ишара кыла алабыз дегенден алысмын, бирок аскердик тармакка коротулчу каражатты саал азайта алабыз го деп ойлойм,- дейт Кэрозерс.

Ал эми башка бир саясат таануучу, Вашингтондогу Като институтунун вице-президенти Гэйлен Карпентер (Galen Carpenter) эки талапкерден тең АКШнын тышкы саясаты боюнча өз долбоорлорун олуттуу өзгөртөт деп күтүү кыйын деген ойдо. Анын айтымында Маккейн да, Обама да өз өнөктүгүндө жүзөгө ашырылгыс убадаларды беришүүдө.

Карпентер өзүнүн оюн бекемдеш үчүн мурдагы президент Роналд Рейгандын каржылык саясатын эске салды. Ал Рейган мырза өлкөдө каржылык тартипти кыйла бекемдеткен менен, ошол эле учурда Кошмо Штаттарды улам өскөн карызга белчесинен батырганын мисалга алды. Карпентердин оюнча, АКШнын азыркы өкмөтү да өлкө мойнуна карыздын олчойгон жүгүн илип тынды.

-Буш өкмөтү бийлеп турганда федералдык бюджет таңкыстыгы өтө олуттуу өлчөмгө жеткенин эле көңүлгө алсаңыз болот. АКШнын жаңы президенти келээрки төрт жыл ичинде ушундай эле негизде ишти уланта албайбыз деп бүтүм чыгарат ко деген ойго мен жетелене албас элем.

Айтор, АКШдагы адистердин бир даары өз өлкөсүндөгү каржылык кыйчалыш кырдаалды жана жакынкы болочоктогу өкмөттүк каржы саясатын «өйдө тартсаң, өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат» деген макалдагыдай сыпаттоодо.
XS
SM
MD
LG