Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Түштүк Осетияда жардыруу болуп, жети орус жоокери өлдү, Грузия бул жардырууга өзүнүн эч тийешеси жоктугун билдирди


Грузиянын жикчил Түштүк Осетия аймагынын бийлигинин айтымында, кечээ (жума күнү) орусиялык жоокерлер аймактагы грузиндер жашаган бир кыштактан тартып алган бир автомашина жарылып кеткен. Анын айынан жети орус жоокери набыт болуп, бир канча жоокер жаракат алган. Орусия тарап бул жардырууну аймакта тынчтыкты калыбына келтирүү жараянына каршы “террордук иш-аракет” катары баалады. Грузиянын ички иштер министрлиги болсо бул жардырууга Грузия тарабынын эч тийешеси жоктугун айтып, аны эптеп орусиялык аскерлердин аймактан чыгарылышына тоскоолдук кылуу үчүн жасалган провокация катары баалады.

XS
SM
MD
LG