Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Үйү каржылык жардам тууралуу мыйзамды кабыл алган соң, президент Буш ага кол койду


Кечээки (жума күнкү) отурумда АКШнын Өкүлдөр Үйү өлкөнүн оор кризиске кептелген каржы тармагына 700 миллиард доллардык шашылыш жардам берүү тууралуу мыйзамды жактырды. Бул мыйзамды көпчүлүк конгрессмендер колдоп (263 макул, 171 каршы) добуш берди. Ал эми АКШ президенти Жорж Буш Конгресстин төмөнкү палатасынын чечимине канааттанганын билдирди. АКШ президенти Ак Үй зарыга күткөн бул мыйзамга ошол кабыл алынган эле күнү кол койду.
Дүйшөмбүдө Конгресстин төмөнкү палатасы - Өкүлдөр Үйү өкмөт сунуштаган шашылыш каржылык көмөк долбоорун четке каккан. Бул долбоор оңдолуп, толукталган соң, аны жогорку палата – Сенат шаршембиде жактырган. Ал эми Азия менен Европадагы каржы базарында баалуу кагаздардын наркы АКШда бул мыйзам кабыл алына электе төмөндөй түшкөнү кабардалды.

XS
SM
MD
LG