Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:11

09:40 “Жашылдар партиясынын” он чакты өкүлү административдик жазага тартылды


Бул тууралуу аталган партиянын лидери Эркин Бөлөкабаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кечээ партиянын Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер жаштары Ала-Тоо аянтында шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүп жатканда милиция кызматкерлери келишип жыйырма чактысын күч менен Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алып барышкан. Ал жерден шаардык кеңешке талапкер беш мүчөсүн чыгарып, он бешке чукул улан-кыздарга коомдук тартипти буздуңар деп граждандык-административдик иш ачты. Түндө Биринчи май райондук соту эки баланы бошотуп, калганын административдик жазага тартты ,дейт Бөлөкбаев. Ал тартип коргоо кызматкерлеринин мындай аракетин адам укугун тебелегендик, Шайлоо кодексин, мыйзамды одоно бузгандык катары баалады. Милициялардын ур-токмогунан башынан жаракат алган “Ата-Мекен” партиясынын жаш канатынын бир мүчөсүн нейротравматологиялык бөлүмгө жеткиргенин аталган партиянын мүчөсү Бакыт Калпетов билдирди. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG