Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

КАБИЛОВАНЫН КАЧЫШЫ – БИЙЛИК БАШЫНДАГЫ ТЫМЫЗЫН КАРМАШТЫН КУРЧУШУ


Президенттин баласы Максим Бакиев коркутуп-үркүтүп, кордоп, күн көрсөтпөй жаткандыктан аргасыз өлкөдөн башын аман ала качып чыгып кеткендиги жөнүндө БШКнын мурдагы төрагасы Клара Кабилованын калтырып кеткен жаңжалдуу билдирүүсү өткөн аптада бүтүн өлкөнү дүргүттү. К. Кабилованын ордуна Боршайкомго төрага кылып Жогорку Кеңеш БШКнын башка мүчөсү Дамир Лисовскийди бекитти. Баш прокуратура Кабилованын кайрылусу боюнча кылмыш иши козгоп, алгачкылардан болуп Максим Бакиевди суракка алды.

БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын видеобилдирүүсү боюнча козголгон кылмыш иштин негизиндеги териштирүүнү Башкы прокуратура 30-сентябрда президенттин уулу Максим Бакиевди суракка алуудан баштады. Башкы прокуратуранын өзгөчө иштер боюнча башкармалыгынын башчысы Учкун Каримов ал тергөө кызыккан бардык суроолорго жооп берди деп, тергөөнүн мазмуну тууралуу “Азаттыкка” маалымат берген жок.

Сурактан кийин президенттин уулу кеңири маалымат менен коомчулукка чыгат деген каңшаар да өзүн актаган жок. Ал Бишкек Пресс Клубунун (BPC) суроолоруна жооп берүү менен чектелди. Интервьюсунда БШКнын мурдагы төрайымы калтырган виедотасманы президентти каралоо максатындагы аракет деп, Кабилованы эки-үч жыл илгери эле бир жолу көргөнүн, аны жана туугандарын коркутуп-үркүтпөгөндүгүн билдирди. Максим ошондой эле ызы-чуунун бардыгын бийликке жетүү амалдары катары баалады.

Кыргызстандан чыгып кетер алдында Кабилова калтырган видеотасмада президенттин кичи уулунан ыдык көргөнүн айтып, муну өлкөдөгү чектен чыккан жагдай деп сүрөттөгөн:

- Мени менен болгон окуядан кийин президент мага эле эмес, биздин өлкөнүн ар бир жаранына кепил болоруна күмөнүм бар. Эгер менин деңгээлимде ушундай окуялар болуп жатса, Кыргызстандын ар бир атуулу өз өлкөсүндөгү чектен чыгуучулуктан саат сайын, күн сайын, жума сайын эмнени башынан кечирип жаткандыгын мен элестетип атам. Эң жөнөкөй жашоо эрежеси жөнүндө маселе турганда, кайдагы энергетикалык, азык-түлүк, экономикалык коопсуздук тууралуу сөз болот.

Клара Кабилова өлкөдөн чыгып кеткен 25-сентябрдан кийин кыргызстандык расмий өкүлдөрдүн ичинен аны менен сүйлөшкөн акыйкатчысы Турсунбек Акун болду. Акыйкатчы Клара Кабилова менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, жолугушууга элчилик аркылуу кызы жардам бергенин айтты.

- Ушундай билдирүү тараткан экенсиз, туурабы, десем, туура, коркутуп-үркүтүү болду, качып кеттим деди. Эмне үчүн оппозицияга бердиңиз, акыйкат адам катары мага деле берип койбойсузбу дедим. Мен оппозицияга берген эмесмин. Оппозицияны тааныгым деле келбейт дейт. Өзүмдү өзүм коргош үчүн коомчулукка бергем. Менин жардамчыларым оппозицияга берип салышыптыр дейт.

Турсунбек Акун экс-төрайым менен телефон аркылуу ушул аптада Бишкек-Москва-Варшава иш сапарынын учурунда сүйлөшкөн.

Кабилованын кайрылуусунда аты аталгандардын ичинен Башкы прокуратура күбө катары Максим Бакиевден тышкары президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловду суракка аларын билдирди. Президентти, анын күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиевди Баш прокуратура суракка чакырар-чакырбасы белгисиз. Жаныш Бакиев жөнүндө Кабилованын кайрылуусунда сөз жок. Бирок жаңжалга тиешеси барын өткөн аптадагы маалымат жыйынында экс-төрайымга шилтеме берип, “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирген эле:

- Кабилова биринчи эле кайрылганым – мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиевге кайрылдым, ушундай коркунуч болуп атат, мага коргоону камсыз кылгыла деп. Ал сүйлөшпөстөн эле телефондун трубкасын коюп койду дейт. Кийинки чакырыктарга жооп бербептир.

Кабилованын видеотасма менен кагаз жүзүндөгү кайрылуусун алгачкылардан болуп коомчулукка тараткан оппозиция өкүлдөрүнүн ичинен Өмүрбек Текебаевди Баш прокуратура дүйшөмбүдө күбө катары суракка чакырары күтүлүүдө. Өмүрбек Текебаев өткөн аптада “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолоруна” берген жообунда “башкы прокурордун текшерүүсүндө деле аягында келип биз оппозиция күнөөлүү болуп чыгып калышыбыз толук ыктымал,” - деп билдирген.

Өтүп бараткан аптада Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты, мүчөлөрү суралгандыгы кабаранган. “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев да суракка кирип-чыккан. Саясатчынын айтымында, суракта тергөөчүлөр Кабилованын видеотасмасы кандай жолдор менен оппозицияын колуна тийгенине кызыгышкан. Ал эми күбө катары сурала турган Социал-демократтар партиясынын Жогорку Кеңештеги фракция өкүлдөрү Бакыт Бешимов, Роза Отунбаева, Иса Өмүркулов баш прокурордун бейшембидеги чакырыгынан баш тартышты. Анын ордуна Жогорку Кеңеште маалымат жыйынын өткөрүп, сурактан баш тартуу себебин депутаттык кол тийбестик менен байланыштырышты. Оппозициялык депутаттар Баш прокуратураны проблеманы чечүү максатында Жогорку Кеңеште диалог өткөрүүгө чакырды.

Баш прокуратура өз кезегинде бул ишти тыкыр териштирип, тыянак чыгарууга дилгир экенин билдирип жатат. Ошол эле мезгилде баш прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин айтымында, БШКнын мурдагы төрайымынын аракеттеринде мыйзамга каршы жагдайлар байкалса, мыйзам чегинде чара колдонулат.

Бул аралыкта Кабилованын аракеттери коомчулуктун активдүү катмары ар башкача чечмелеп жатышат. Ириде эле баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев укук органдарына Кабилованын жардам сурап кайрылбагандыгын белгиледи.

Укук коргоочу Азиза Абдырасулова Кабилованын жетиштүү далили жок азыркы жагдайында тергөө анын пайдасына чечилеринен күмөнсүнүүдө. Ошондуктан, Кабилова бейтарап аймакта болсо да тергөө кызматтары менен жолугушуп, маселени бетме-бет талкуулабаса, ал өзүнүн чындыгын далилдей албай калабы деп кооптонот:

- Клара айым Москвадабы, башка чет өлкөдөбү, укук коргоо органдары менен жолугушуп, корксо жанына киши алып, эмне билет, кандай коркутуп-үркүтүү болгон, эмнелерди айта алат айтыш керек. Мамлекеттен сыртка чыгып кетип, бүт өлкөнү дүргүтүп койду.

Экс-төрайымдын тандаган жолун оппозициянын көпчүлүгү аргасыздык деп жатат. Маселенин өлкө ичинде талкууланбай калгандыгына өкүнүчүн Бакыт Бешимов билдирди:

- Өзүнүн позициясын ачык айтышы керек эле. Бул жерде парламент турат. Аз десе биз – СДП фракциясы турабыз. Анан жалпы жарандык коомго таянып позициясын ачык айтканда жакшы болот эле. Тилекке каршы андай болбой жатат.

Кандай болгон учурда да оппозиция Кабилова жаңжалын президент Бакиевдин айланасындагы таасирдүү эки саясий топтун кармашынын тыянагы деген көз караштан кайткан жери жок. Маселен, ушундай көз караштагы социал-демократ депутат Роза Отунбаева бийлик күнөөнү оппозицияга оодарып тынганы турат дейт:

- Күнөөлүүнү сурабай, мазмунунан качып, бизге маалымат таратып атасыңар деп жалаа жаап атканын баарыбыз көрүп атабыз. Мен айтат элем, чынында бул бийликтин ичиндеги эки топтун кагышуусу.

Бул аралыкта Клара Кабилова маселеси Жогорку Кеңештин сессиясында да сөзгө алынды. БШК төрагалыгына талапкердиги сунушталган Дамир Лисовский Кабилованы иштин көзүн билген эмес деп күнөөлөдү. Мындай мамиле коммунисттер фракциясынын депутаттары Бейшебек Акунов менен Гүлжамал Султаналиевага жаккан жок:

- Туура эмес, адамгечиликсиз, эркекче эмес иш кылдыңыз. Ошондуктан, сиз менен чалгынга баруу мүмкүн эмес экен. Сиз БШК төрагасы ордун ээлөөгө моралдык укугуңуз жок, - деди Бейшебек Акунов.

Ошол эле мезгилде жаңы төрага Лисовскийдин билдирүүсүн бетке кармаган Социал-демократтар болсо парламенттик шайлоодогу бюллетень чатагы боюнча БШКнын кызыкчылыгы үчүн СДПга коюлган 20 миллион сом доо негизсиз болушу мүмкүн экенин эскертти. Буга чейин бир топ укук коргоочулар менен саясатчылар БШКнын мурдагы төрайымынын кадамы парламенттик шайлоонун тыянагын кайра кароого шарт түздү деп билдиришкен болчу. Ошол эле мезгилде Бириккен Кыргызстан кыймылынын мүчөсү Токтайым Үмөталиева Клара Кабилованын жаңжалын мамлекеттеги экономикалык оор жагдайдан элди алаксытуу үчүн атайы жасалды деп билдирди:

- Тилекке каршы бийлик Кабилованы оюнчук катары пайдаланып, коомчулукту негизги проблемадан алыстатып жатат.

Ошентип, Кабилова жаңжалы жоопту талап кылган көптөгөн суроолорду жаратууда. Оппозиция болсо саясаттагы мындай кыйсыпыр көрүнүштү үй-бүлөлүк башкаруунун кесепети деп, өлкөдө кыйын кырдаал түзүлгөндүгүн эскертүүдө. Талдоочу Бекбосун Бөрүбашевдин оюнда мыйзамдык чек коймоюнча өнөкөткө айланып бараткан үй-бүлөлүк башкаруудан өлкөнүн арылышы кыйын.

Кандай болгон учурда да Кабилованын айланасындагы териштирүүлөргө байланышкан жаңы маалыматтар келерки аптада да пайда болчудай. Баш прокуратуранын өткөн апта башында билдиргени боюнча козголгон кылмыш ишти тергөөнүн алгачкы тыянагы он күн аралыгында чыгып калышы ыктымал. Оппозиция КМШ мамлекет башчыларынын Бишкек саммитинен кийин Кабилова парламенттик шайлоого байланыштуу экинчи билдирүү жасашы мүмкүн деп күтүнүүдө. Саммит жана анын айланасындагы расмий сапарлар 12-октябрга чейин созулат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG