Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

10:35 Ноокатта массалык баш-аламандык уюштурган делген шек менен 9 адам кармалды


Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Ноокаттагы баш аламандыкты уюштурган жана анын активдүү катышуучулары такталып 3-октябрда кармалды. Алар: Р.Жураев – Гүлүстан айлынын тургуну, мурда Кылмыш жаза кодексинин 299-беренеси менен соттолгон, Х.Эргешов-Үч кемпир айылынын тургуну, мурда Кылмыш жаза кодексинин 299-беренеси менен соттолгон, Н.Эргешов-Караташ айылынын туругуну, Р.Эрдошов-Чапаев айылынын тургуну, И.Закиров-Эски Ноокаттан, А.Машрапов-Чечме сайдан, В.Машрапов-Чапаев айылынан, С.Алибаев-Ноокаттан, С.Холматов-Эски Ноокат айылынан. Эскерте кетүүчү жагдай 1-октябрда саат онго чукул Ноокаттын райондук администрациясынын жанында 100-150 адам чогулуп, диний ураан чакырып, райондук администрациянын жанында алардын тамак-аш таркатуусуна тыйуу салган район жетекчилерине нааразы болушкан. Аким Абдыганы Алиев чогулгандардын алдына чыгып сүйлөгөн. Анын сөзүн угушпай көпчүлүктүн арасынан “Алло акбар” деп кыйкырып ураан көтөргөндөр болгон. Тартип коргоо кызматкерлерине көңүл бурбай бир нече жаш жигиттер милиция кызматкерлрин көздөй жана райондук администрацияга таш ыргытышкан. Жыйынтыгында 41 терезенин айнеги сынып, эки автобустун фонары талкаланган. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын 5 кызматкери денесинен жаракат алышкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG