Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:29

10:45 Чолпон-Атада Рысбек Акматбаевдин тууганы Кубан Коноевди атып кетишти


Бул тууралуу билдирген Ысык-Көл облусундагы кабарчыбыз Рита Нурманбет кызынын маалыматына караганда, бүгүн эртең менен саат онго чукул Кубан Коноев автоунаасы менен Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү менен кетип баратканда прокуратуранын жанынан аны белгисиз адамдар автомат менен атып кетишкен. Коноев автоунаасы менен бакты сүзүп барып токтоп, жеринде жан берген. Учурда Облустук жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.(AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG