Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:45

АБХАЗИЯ МЕНЕН ТҮШТҮК ОСЕТИЯНЫН ЭГЕМЕНДИГИН МОСКВА ЭМНЕ МАКСАТ МЕНЕН ТААНЫДЫ?


24-сентябрдА Грузиянын мурдагы тышкы иштер министри Саломея Зурабишвили «Эркин Европа» жана «Азаттык» үчүн макала жазды. Ал жерде Орусиянын грузиялык жикчил эки аймагын эгемендүү деп таануусун кантип улам бир шылтоо менен актап атышын белгилейт. Капилеттен Кремл бийлиги кабыл алып ишке ашырылган чуулгандуу согуш Орусиянын жакшы санаалаштарын да кантип кучагына алып атканын кеп кылат. Макала авторунун көз карашын «Азаттыктын» редакциясы бөлүшпөйт.

2004-2005-жылдары Грузиянын тышкы иштер министри болуп туруп кийин оппозицияга өтүп кеткен Саломея Зурабишвили чакан макаласында Орусия беш күндүк согушу менен жакшы санаалаштарын үркүтүп ийди. Алар Маскөөнү сыйлабай эми андан корко башташты. Орусия Федерациясынын алдында алар күндөрдүн бир күнүндө, жыйырма жылдай мурда дубалы ураган Советтер Союзу кайра жаралып, кайрадан көз каранды оройго ээ болуп жүрбөйлү дешип коркуша башташты деп жазат.

Орусия аскер күчү менен Чеченстанды жүгөндөп турушу алардын да тизгинин тарттырып атат. Эки жикчил грузиялык аймактарды Орусия тааныгандан кийин тышкы иштер маселесинде Тоолу Карабак көптүн эсине келди. Кай бирлери анын деле оңой-олтоң чечилишин самашты.

Абхазия менен Түштүк Осетия сыңары Орусия эмне үчүн Тоолу Карабакты да эгемен деп тааныбады деген суроо коюшту. Бирок Орусия үчүн азыр президент Илхам Алиевдин колдоосу өтө керек. Батышка карай Европалык Nabucco аркалуу көгүлтүр отун өтүүчү куур жаткыруу долбоору бар. Кремлдин максаты аны бузуп, андай куурдун Орусия жери менен алып өтүүдө. Экинчиден, Тоолу Карабакты таанып ийгенде ал аймактагы Армения менен да алакасын ыдыратат. Армениянын тарыхта биринчи жолу Түркия менен алакасынын оңоло башташы да ага жолто.

Ошондон соң чукул «достор» атанып келе жатышкан жакындары да Орусиядан качып калышты. Биринчи кезекте Шанкай кызматташуу уюму (ШКУ), Кытай баш болуп Абхазия менен Түштүк Осетияны таануудан баш тартышты. Анын артынан сентябрде Москвада өткөрүлгөн саммите да Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) кирген мамлекеттер жетекчилери Орусиянын чуулгандуу дымагын колдоого алышкан жок.

Алардын мындай кетенчиктөөсүн кандай түшүнсө болот? Москва бул жерде олуттуу ката кетиргенин көрөбүз. Ал абдан жакын өлкөлөрдүн алакасына шынаа уруп салды. Жеринин бир бүтүндүгүн көздүн карегиндей сактоо - Кытай үчүн аны тикесинин тик тургузган маселе. Орусия үчүн анча чоң мааниде болбосо да Борбор Азиялык топтогу: Казакстан, Кыргызстан же Тажикстан – чакан болушса да өз алдынчалыгын сактай алышты.

Кантсе да Москва быйылкы Кавказдагы жаңы согушу менен кошуналары менен өнөктөштөрүнө мынча жаман көрүнөт экенмин деп ойлобогон. Бул жерде Москва Косово жолуна салып күчүн бир көрсөтүп калуу максатта кадам жасады. Анын Грузияны бомбалоосу (НАТОнун 1999-жылы Сербияны бомбалоосуна окшойт) Абхазия менен Түштүк Осетияны эгемен деп таанып ийиши (үстүдө жылы Батыш өлкөлөрүнүн Косовону эгемен мамлекет деп таанышына окшойт). Ал бир ок менен эки коен аткысы келген. Ошол эле учурда Грузияны колдон келишинче уйпалап, жаманатты кылуу жолу менен Москва мурдагы советтик республикалар жаатына кыр көргөзүүсүн уланткан. Жеке эле аларга эмес Түркия менен Батыш өлкөлөрүнө да тап берип, опуза кылган деп жазат Зурабишвили айым.

Эки аймакты эгемен деп тааныган күндөрү (9-сентябр) ал жерлерге орусиялык аскерий базалар орнотула тургандыгын президент Дмитрий Медведев айткан:

«Түштүк Осетия жана Абхазия жетекчиликтеринин өтүнүчтөрү боюнча биз орусиялык куралдуу күчтөрдү ал жерлерге жайгаштырышыбз керек» - деген.
XS
SM
MD
LG