Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:08

15:30 Депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу Бактиярды табууну президент көзөмөлгө алды


Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясынан депутат Жусупжан Жээнбеков “Азаттыкка” билдирди. Ал президент Курманбек Бакиевдин жеке кабыл алуусунда болуп, уулунун белгисиз адамдар тарабынан уурдалганын маалымдаган. Өлкө башчысы бул ишти Улуттук коопсуздук кызматына тапшырып, өзү көзөмөлгө аларын айткан. Жээнбековдун маалыматына караганда, 24-сентябрда анын 34 жаштагы улуу баласы Бактияр Амражанов эртең менен саат 7:45 уулу Тумарды 4-кичи райондогу №133 бала-бакчага жеткирип барган. Ал уулун жетелеп бала-бакчага киргенде анын аркасынан кара көз айнек тагынган эки жигит, баш кийимчен эки жигит акмалап барышкан. Бактияр бала-бакчадан чыгып келатканда аны күтүп турган төрт бала жабылып, аны автунаага салууга аракет кылышкан. Чымыр денелүү, узун бойлуу Бактияр үчөөнү тоголото койгон. Алар куралдарын алып чыгышып кайрадан жабылып, бирөөсү анын артынан секирип тапанчанын кыры менен башка беш-алты жолу урган. Кулагынан кан кетип алсырай түшкөндө, бирөөсү тапанчаны оозуна такап, автоунаага түшүүгө буйрук берген. Алар Бактиярды авто унаага отургузуп алып кетишкен. Окуяга бала-бакчанын жанындагы мектептин мугалимдери, окуучу балдар күбө болушкан. “Уулум Бактияр кылмыш дүйнөсү менен эч бир байланышы жок. Карта же казино оюнун ойногон эмес”,-дейт Жээнбеков. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG