Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:09

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын кызматын таштап кетиши Кыргызстанда кадр саясатынын кандайлыгын айгине кылган саясий окуя болду. Андан илгерээк парламент спикери кызматынан баш тарткан. “Азаттыктын” кезектеги “бетме-бет” талкуусу бийлик кризиси, учурдагы кадр саясатынын күңгөй-тескейине арналды. Пикир алышууга парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимов, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Самат Бөрүбаев катышты.

- Самат мырза, Клара Кабилованын кызматын таштап кетиши сиздер үчүн күтүүсүз болдубу же мындай конфликт мурда эле билинип калган беле?

Самат Бөрүбаев: - Албетте, биз төрайымдын кеткенин чукул чакырылган чогулушта угуп калдык. Ага чейин эч кимге, Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөлөрүнө, аппарат кызматкерлерине маалымат берилбептир. Бизге бул окуя күтүүсүздөн болду.



- Бакыт мырза, Клара Кабилованын кызматтан кетиши бийликтин саясий кризиске кабылганын көрсөткөн окуя болгонун айтышууда. Эгер андай кризис болсо анын айрым белгилерин көрсөтсө болобу?

Бакыт Бешимов: - Бул, албетте, кадр саясатындагы чоң кризис. Ал кадр саясаты туура эмес өткөрүлүп жаткандыгын, анан да жалпы бийликтеги моралдык абалды билдирчү көрүнүш. Клара Кабилова узун тизмедегилердин эле бири. Ага чейин канча иштер болду. Мен муну кадр саясатындагы эң чоң кризис деп атаар элем.



- Самат мырза, бул өзү кадр саясатындагы кризиспи же Клара Кабилованын президент командасы менен келише албагандыгынан улам чыккан ишпи?

Самат Бөрүбаев: - Жана мен айткандай, биз анын кеткенин билбей калдык. Бирок өзүмчө бул бийлик ичиндеги келишпестиктен улам болду окшойт деп бүтүм чыгарып жатам. Бул боюнча бизде так маалымат жок. Өзү менен да байланыша албай жатабыз.

- Бакыт мырза, бул иш боюнча сиздерди Башкы прокуратура суракка чакырып жатат. Ошол сурак тууралуу аркыл пикирлер айтылууда. Бирлери сиздерди көрсөтмө беришке чакырды дешсе, Башкы прокуратуранын өзү суракка чакырылат деп маалымат жыйынын өткөргөн. Маселе кандай чечилүүдө, сиздерди суракка чакырабы же көрсөтмө бергенге чакырышабы?

Бакыт Бешимов: - Биз Башкы прокуратурадан суракка чакыруу алдык. Эгер мыйзамга таянсак, алардын бизди суракка чакырышка укугу жок. Бул бир. Экинчиден, биз ушул ишти аягына чыгарыш үчүн Башкы прокуратура менен иштешке даярбыз дедик. Ошол чакырган күнү, 2-октябрда, саат 12де Салык кодексти талкуулап жатканбыз. Саат бирден экиге чейин танапис жарыяланды. Анан биздин эки депутатыбыз талкууга жазылган болчу. Фракция жетекчиси катары мен да өз корутундумду беришим керек эле. Анан ошону эске алып прокуратурага “сиздер ушул жерге келгиле, анан кабинеттерде суроо-жооп кылып сүйлөшүп алалы” дедик. Алар болсо ойлонуп турyп андан баш тартты. Андан соң өздөрү телефон чалышып “төрттөн кийин болосуңарбы?” дешти. Биз: “Макул, 4.30да силерди күтөлү” дедик. Үчөөбүз менин кабинетимде күтүп олтурдук. 4.30, андан кийин 4.40 болду. Биз айран калдык да 4.50дө аларга телефон чалдык. Алар “биз бара албайбыз” дешти. Анан ошол эле учурда Интернетте “үч депутат сурактан баш тартып жатат” деп жарыя кылып жатышат. Башкы прокурорго кат жөнөттүк. “Сиз менен укук жагынан гана иш алып барабыз” деп. Анткени алар иштин мазмунуна көңүл бурбай эле бөйрөктөн шыйрак чыгаргысы келип жатат. Эми Башкы прокуратуранын кандай милдет аткарып жатканын үч жылдан бери көрүп турбайбызбы. Ошону көрүп туруп биз атайы президентке ошол күнү кайрылдык. Эгерде президент коррупцияга каршы чындап күрөшөйүн десе өзгөчө бир чараларды көрүшү керек экенин сунуштадык. Биринчиси, мамлекеттик жогорку органдарда коррупцияга каршы күрөшүү негизги идея катары таанылсын. Андан тышкары коопсуздук, каржы полициясы, ички иштер органдарына оппозиция өкүлдөрүн жетекчиликке койгула дедик. Көп мамлекеттерде ошентишет. Коррупцияга каршы күрөшчү кызматтарды оппозицияга берип коет. Мурyнку советтик республикаларда, мисалы, Эстонияда, Молдовада. Аларда коррупциянын деңгээли төмөн. Бул өтө акылдуу саясат. Анан биз ошону сунуштадык. Эми көрөбүз, президент кандай жооп берет экен.



- Самат мырза, Клара Кабиловага байланышкан чатак Ишенбай Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин Бишкектин Биринчи Май райондук соту четке какты. Бирок ошондой болсо да сиздердин ошондой чечимге келишиңиздерге эмне себеп болду?

Самат Бөрүбаев: - Каржы полициясынын Тергөө башкармалыгынан атайын кайрылуу түшкөн экен. Биз аны карап чыктык. Биздин комиссиянын алдында укукчулардан турган коомдук палата бар. Ошолордун сунушу, анан Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук боюнча комитетинин түшүндүрмөсүнүн негизинде биз бул маселени карап, чечим кабыл алганбыз. Бүгүнкү аракеттеги Шайлоо кодекси боюнча биз катталган талапкерге шарт түзүп беришибиз керек. Башка талапкерлердин катарында шарт түзүп беришибиз керек болчу. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алынган.

- Бакыт мырза, Клара Кабилованын айланасындагы талаш – саясий талаш.

Бакыт Бешимов: - Клара Кабилова атайын билдирүү менен чыккандан кийин бийлик тараптагылардан “ал иштин көзүн билчү эмес, кызматына татыксыз болчу” деген сындар айтыла баштады. “Оппозициянын аракети президенттин аброюна шек келтирип жатат” дешүүдө. Мына ушул эки ойду фактынын негизинде карап көрөлү. Биз шайлангандан бери парламентте бул экинчи окуя болуп жатат. Кечээ парламент Дамир Лисовскийди БШК төрагасы кылып шайлады. Биз ага көп суроолор бердик. Каршы болдук. Эсиңиздерде барбы, биз парламент спикери кезинде Адахан Мадумаровго көп сын пикирлер айтчубуз. Биз өз оюбузду айтып жатканда “акжолчулар” аны жабыла колдоп жатышкан. Анан Акүйдөн команда түшүп, А.Мадумаровду кетирүү маселеси коюлгандан кийин баары жабыла жамандап киришпедиби. Биз Исхак Масалиев экөөбүз эле А.Мадумаровго деле сөз берели, өзүнүн позициясын билдирип алсын деп чыктык. Биздин фракция ошентти. Кечээ эле А.Мадумаровду колдоп келгендер минтип ага асылып, жамандап жатышат. Кудум ошондой эле мамиле Клара Кабиловага да жасалып жатат. Кечээ эле жакшы эле. Акүйдөн команда түшкөндөн кийин эле жаман, ишти билбейт. Айтыңызчы, бул эмненин негизинде болуп жатат? Бул бийликтин ичиндеги абалды көрсөтүп жатат. Ал өтө начар. Президенттин аброюна шек келтиргендер министрлер менен жетекчилер, иш көзүн билбегендер. Алар оппозиция өкүлдөрү эмес. Ушундан жыйынтык чыгыш керек. Бул күндөр да өтөт. Анан президенттин артынан кимдер таш ыргытарын деле билем. Алар азыр анын тегерегинде жүрүшөт. Маселе ушунда.

- Самат мырза, Клара Кабилованын иш билгилиги, анын өзү ээлеген чоң кызматка татыктуу-татыктуу эместиги тууралуу кеп болуп жатат. Сиз мына чогуу иштештиңиз, айрым кесиптештериңиз айткандай, К.Кабилова ишине татыктуу эмес беле?

Самат Бөрүбаев: - Клара Кабылова менен кызматка келген февраль айынан бери чогуу иштешип калдык. Негизинен ага коюлуп жаткан күнөөлөр, иштеги жетишсиздиктери айтылган. Мына азыр шайлоо болуп жатат. Бюджетте анын каржысы каралбагандыктан, 2008-жылдын бюджетине ошол сунуштар киргизилбегендиктен шайлоонун каржы маселесин чечүүдө биртоп кыйынчылыктар болду. Ошондон аны өкмөт башчы, каржы министри чечип беришти. Бул чын. Анан ага коюлган дагы бир күнөө - аппараттагы кызматкерлерди тез-тез алмаштыруу. Чындыгында эле аппараттагы кызматкерлердин 90% алмашып кеткен экен. Биз келгенге чейин, биз келгенден кийин деле шайлоо каржысын чечүү боюнча убагында сунушун бербегендиктен каржылык жетишпестиктин болуп жатканы анык.

- Бакыт мырза, сиздин пикириңиз.

Бакыт Бешимов: - Эгер чын эле ошондой болсо бул принципти биз башка министрлерге, жетекчилерге жумшабайлыбы? Мисалы, электр энергиясынын жетишсиздигин баштан кечирип отурабыз. Токтогулда суy аз. Муну алдын-ала көрө албаган премьер-министр, энергетика министри эмне үчүн азыр сопсонун эле отурат? Андан башка болсо, мугалимдердин эмгек стажына кошулчу акча же бюджетте каралбай, мугалимдерди кыйналган абалга таштап коюп билим берүү менен каржы министрлери эмне үчүн өз ордуларында олтурушат? Кимдир бирөө бийликке, үй-бүлөгө чындык сөздү айтса эле топтолук жаман болуп калат. Кичинекей кемчилиги чоңоюп, чоң кылмышкерге айланып отуруп калат. А бирок жакшынакай кошомат сөзүн айтып, жалаң мактоо менен жүргөн жетекчилердин кылмышы эч качан каралбайт. Эгерде К.Кабилова ишти билбеген компетентсиз болсо, ал БШК төрайымы болчу, анда ал өткөргөн референдум, шайлоолор легитимсиз болуп жатпайбы. Маселе ушунда.

- Самат мырза, өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы эмдигиче толук чыкпай арасат бойдон калууда. Анын калыс өтпөгөндүгү жөнүндө көп айтылып жатат.

Самат Бөрүбаев: - Өткөн жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы күмөн болуп жатканына мен түшүнбөй жатам. Бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы иштеген. Ал өзүнүн жыйынтыгын чыгарып, аны “Эркинтоо” гезитинде, бюллетендеринде жалпы округ боюнча жыйынтыктарын берген. Ошондуктан аны легитимсиз дегенге бүгүнкү күндө күмөн же себеп жок. Мен ойлоп жатам, бул жалгыз эле К.Кабиловага байланыштуу маселе эмес. Мына кечээ парламент Дамир Лисовскийди БШК төрагалыгына шайлап, макулдугун берди. Бүгүн партияларга демократиялуу мамиле жасалып жатат. Жалпы республика боюнча 7800 ашуун мандат үчүн 15 130 талапкер ат салышып жатат. Эл тараза, алар жыйынтыгын чыгарат. Мына бүгүн бардыгы болуп 18 партиянын өкүлдөрү өз талапкерлерин сунуштап жатат.

- Бакыт мырза, сиздин пикир.

Бакыт Бешимов: - Жакында БШК мурдагы мүчөсү Жылдыз Жолдошева интервью бербедиби. Ал бүт гезиттерге чыгып кетти. Ошондо шайлоодон кийин кандай иштер болуп кеткенин айтып жатпайбы. К.Кабилованын кызматын таштап кетиши өзүнчө бир окуя болуп жатат. Биз ушундан туура сабак алсак. Эл арасында ошондой болгондон кийин аны четке кагыш үчүн же далилдеп бериш үчүн так позициясын билдириши керек. Анан ар кандай окуядан бир жыйынтык чыгарганда ага астейдил караш керек. Шек келтирип жатат деп жамандагандан баш тартыш керек.

- Самат мырза, БШК төрайымынын кызматын таштап кетишинен кандай сабак алса болот?

Самат Бөрүбаев: - Жылдыз Жолдошеванын интервьюсун мен да окудум. Анда ал К.Кабыловага болгон жеке өзүнүн мамилесине көбүрөк акцент жасаптыр. Аны эми экөө жекече чечишкени оң. Анан бир эле К.Кабылова менен БШК ишин байланыштырып, төрайым кеткенден кийин комиссиянын иштешке мүмкүнчүлүгү жок дегенден алыс болсок дээр элем.

-Бакыт мырза, мына ушул окуядан сабак алыныш керекпи?

Бакыт Бешимов: - Алыныш керек. Негизи БШК президент менен Жогорку Кеңеш карамагынан алынышы керек. Ал эми анын мүчөлүгүнө шайланыш болсо 90% президентке карап жатпайбы. Азыр болсо ал 100% болуп калды. Себеп дегенде, жарымын парламент, жарымын президент дайындайт. Парламентте “Акжол” көпчүлүктү түзгөндөн бери БШК толук президенттики болуп калды. 100% БШК аткаруучу бийликке көз каранды. Ошондуктан адилеттүү, калыс болуш азыр кыйын. Биз азыр тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп жатабыз. Демократиялык мамлекеттердин тажрыйбасын эсепке алып аны бир бийликтин карамагынан алып коюшту ойлоп жатабыз. Анын элге, коомго жоопкерчилиги көбүрөөк болушу керек.

- Ушуну менен сөзүбүздү жыйынтыктасак. Студияга келип маек курyп бергениңиздер үчүн чоң ырахмат! Ишиңиздерди ийгилик жылоолой жүрсүн!
XS
SM
MD
LG