Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:46

ОШ: КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ КЫЙРАГАН ТУРАК ЖАЙЛАРДЫ ТУРГУЗУП БЕРҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ ЭМЕС


Ош облустук мамлекеттик акимчилиги кыштагы зилзаладан кыйраган үйлөрдү Кыргыз Өкмөтү куруп берүүгө милдеткер эместигин жарыя кылды. Ал эми табигый кырсыктан жапа чеккендер бийликтин кыш босогосундагы мындай мамилесине нааразы болушууда.

Ош облус губернаторунун биринчи орун басары, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча комиссиянын төрагасы Айтмамат Кадырбаев атайын маалымат жыйынында өткөн кыштагы зилзаладан 4030 үй-бүлө айрыкча жабырлангандыгына токтолуп, Кыргыз Өкмөтү кыйраган турак жайларды куруп берүүгө милдеткер эместигин жарыя кылды:

- 536 турак жай үйү төртүнчү даражада залал тарткан. 3474 үй болсо капиталдык ремонтту талап кылат. Бүгүнкү күндө баарыбыз ошол страхованиеге түшүшүбүз керек. Элде ошондой сөз бар. Бир нерсе болсо эле бүт баарын мамлекеттен бүгүнкү күндө үмүт кылып жатат. Эгерде ошол үйлөр страхованиеден өтсө, бүгүнкү күндө мындай маселелер көтөрүлмөк эмес.

Мамлекеттик комиссия жашоого таптакыр жараксыз деп эсептеген Карасуу районундагы Тогуз-Булак айылынын тургуну Ыкыбал Эргешова чоңдордун эмдигиче кабар албагандыгына кейип, жердештеринин айласы түгөнгөндүгүн төмөнкүчө туюндурду:

- Көп эле жерге арызданып барышты. Алар башка жерлерде минтип атат туруп тургула дейт. Убакыт өтүп атат да.

Ошол эле убакта губернатордун эшигин сагалаган Карасуунун Карасөгөт кыштагынын тургуну Кудайберди Баатыров буларды баян этти:

- Жер берсин деп келдик. Эртерээк үй салып алалы, кыштан зорго чыктык палаткада. Үйдө отурушка мүмкүн болгондо келбейт элек бул жерге. Кагазын берип койду, аны эмне кылышты билбейбиз, эч нерседен кабарыбыз жок, палаткада эле жатабыз. Палаткабыз да кечээ шамалда айрылып калды.

Анын кебин тогуз-булактык Раимбү Жороева Өкмөт бөлүп жаткан ссуда туурасында мындайча улады:

- 200 миң бизге фундаментке гана жетет. Дубалы, шыйпыры менен, устанын акысы бар, ремонту бар, ошонун баары жок дегенде 500 миң менен бүтөт. Сертификатты төртүнчү категорияга берди. Экинчи, үчүнчү категория дегендерге эч нерсе берилбей атат.

Өкмөткө караштуу жарандык турак жай курулуш башкармалыгынын түштүктөгү өкүлү Бердикул Султанов зилзаладан жабыркагандардын ссудага байланышкан дооматын четке кагып, буларды кошумчалады:

- Албай калган себептери - көпчүлүгүнүн паспорту СССРдин паспорту болуп атат. Андан сырткары үйлөрү убагында системалык регистрациядан өтпөгөңдүгүнө байланыштуу, гос акты алуу маселeси оор болуп, анан ошондон акчасын алалбай калган фактылар бар. Каражаттын тартыштыгына байланыштуу быйыл берилиши абдан оор.

XS
SM
MD
LG