Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

“АТА МЕКЕНДИ” КОЛДОГОНУ ҮЧҮН АК - БАШАТТА ЖОЛ ОҢОЛБОЙ ТУРАТ


Жазгул Жамангулова, Чүй Чүйдө каралбай калган айылдар бар, алардын бири Москва районунундагы Акбашат айылы. Соңку учурларда аталган айылга жеңил машиналар каттабай эл жол азабын тартууда. Бул көйгөйдүн чечилбей келе жатканына элүү жылдан ашып калганын айтып нааразыланат айыл тургундары. Жолду оңдоп берүүнү өтүнгөн айыл аксакалдарына губернатор Кубанычбек Сыйданов “оңдоо иштерине жергиликтүү эл өзү акча чогултсун” деп билдирген. Бирок айылдыктар жолдун оңолбой тургандыгын мурдагы шайлоонун айрым оюндары менен байланыштырышат.

Чүйдүн Москва районуна караштуу Акбашат айылы тоо түбүндө өзү менен өзү болуп, каралбай калган чакан айыл. Соңку учурлар Ак- Башатка автобустар тургай таксилер дагы каттабай калды дешет айыл тургундары. Ал айылга чейинки жол толук асфальттанган, ал эми эки чакырымга жакын аралыкты ээлеген Акбашаттын жолу планга киргизилбей калган экен. Эмнеге киргизилбей калганы туурасында алгач Азаттыкка коңгуроо кылган угарманыбыз Уран Рыскулов губернатор Кубанычбек Сыйдановдун сөзүн мисал кылган.

- Мындан бир нече ай мурун биздин айылдын аксакалдары губернатор Кубанычбек Сыйдановдун кабыл алуусунда болгон. Алар жол маселесин чечип берүүнү суранышканда, губернатор «силер мурдагы шайлоодо «Ак жол» партиясын эмес, көбүрөөк «Ата мекенди» колдоп, айылдын бир катар балдары үгүт жүргүзгөн экен деп эскертип өткөн. Жергиликтүү бийлик жолдун азабын шайлоого түздөн-түз байланыштырып жатат.

Угармандын мына ушундай кайрылуусунан кийин биз аталган айылда болуп, жеке губернатор К. Сыйдановдун кабыл алуусунда болгон аксакалдар менен жолукканбыз.

- Социал Сарымсаков: Биз үч аксакал губернаторго барганбыз. Биз ага келген максатыбызды түшүндүрдүк. Бирок К. Сыйданов жол оңдоо үчүн айыл тургундары акча чогултсун деп билдирди, бизде андай шарт жок. Айыл эли анай суммадагы акчаны чогулта албайт. Дагы бир жагы ал бизге шайлоодо сиздердин айрым балдар «Ак жолду» колдобой «Ата мекенге» элди үгүттөгөн деп билдирди. Айылыңарда мына ушундайлар да көп экен деген.

Бир сөз менен айтканда акбашаттыктар «жолубуз шайлоодогу чекиликтерибиз үчүн оңолбой турат»,- дешет. Бирок мындай доомат туура эмес деген пикирин биз менен болгон маеги учурунда губернатордун орун басары Турусбек Султаналиев белгиледи.

- Губернатор андай сөздү айтпаса керек. Бул жөн гана доомат, ушак. Ал эми ал айылдын жолу Транспорт жана коммуникация министрлигине карайт. Биз ага жооп бербейбиз. Азр мен тактадым, азыр эч кандай акча жок, качан оңолот айта албайбыз. Бирок мен акимге бул маселени айтып, маселени чечүүнү тапшырам.

Кыскасы баары келип кайрадан каржы маселесине такалып турат, аны үчүн транспорт жана коммуникация министрлигине кат жолдоо зарыл. Губернатор Кубанычбек Сыйданов болсо жол оңдоого айылдыктар өздөрү акча чогултсун деп жоо кайтарганын айыл аксакалдары айтып жүрүшөт. Бирок акбашаттыктар андай суммадагы акчаны эл эч качан чогулта албайт деп кол куушурат.

XS
SM
MD
LG