Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

18:12 Акыйкатчы шаардагы тартип коргоо кызматынын иш аракетине нааразы


Тартип коргоо кызматкерлеринин “Жашылдар партиясынын” Бишкек шаардык кеңешке талапкерлерин жана мүчөлөрүн кармап, күч менен аянттан таркатуусу мыйзамды одоно бузгандык. Мындай пикирин Акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, шайлоо алдында ар бир талапкер шайлоочулары менен эркин жолугушууга укуктуу. Бишкек шаардык ички иштер кызматкерлеринин жогорудагы аракети шайлоо алдында кырдаалды курчутушу мүмкүн. “Бул маселе боюнча Акыйкатчы институту кайрылуу жолдойбуз”, деди Турсунбек Акун. Акыйкатчы укук коргоо органдарынын иш аракеттери тууралуу президенттин администрация башчысы Медет Садыркуловго кайрылганын, бул маселе боюнча президенттик администрация чара көрө тургандыгын кошумчалады. Ал эми Ички иштер министринин орун басары Темиркан Субанов болсо укук коргоо кызматкерлеринин бул аракетине жооп берүүдөн баш тарткан эле. (AJ)

XS
SM
MD
LG