Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:35

Ушул тапта пахта терим кызуу жүрүүдө. Дыйкандар терип алган акбуласынын баасы өткөн жылга салыштырмалуу 5-6 сомго кымбат болгону менен, кеткен чыгашаны, тарткан мээнетти актабай жаткандыгына нааразылыгын билдирип жатышат.

Кыргызстанда буудайдан кийинки эле айдоо аянттарын пахта ээлейт. Расмий маалыматтар боюнча быйылкы жылы пахта 36,9 миң гектар жерге айдалган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу бир топ аз. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылы дан эгиндери көп айдалгандыктан, пахта өткөн жылдарга салыштырмалуу аз айдалды. Дыйкандардын айтуусунда пахта айдоонун азайып кетүүсүнө ак була баасынын төмөндөп кетүүсү негизги себеп.

“Тарткан мээнет менен кеткен чыгымды актабаган соң, пахта айдоонун деле кереги жок болуп калды,” дешет алар. Ушундан улам мээ кайнаткан ысыкка, ызгаар суукка чыдап, пахтага иштей турган дыйкандар да кесибин алмаштырып, көпчүлүгү Орусияга, Казакстанга иштеп кетишкен. Адистер болсо пахтанын сорттуулугу менен катар эле түшүмдүүлүгү да ылдыйлап кеткендигин белгилешет.

Бир катар дыйкандар мамлекет өзү пахта өстүрүү тармагына кызыкчылыгын жоготуп койду, ошондуктан пахта айдоо кескин азайып, анын сорттуулугуна, түшүмдүүлүгүнө кызыккан эч ким жок деп эсептешет.

ОШТО ПАХТА АЙДОО АЗАЮУДА

Ош облусу Кыргызстанда пахтанын мекени катары эсептелчү. Быйылкы жылы облус боюнча 11 миң гектардан ашуун жерге пахта айдалган. Ушул тапта талаадан жаңы терип алган пахтасын ортомчу соодагерлерге 22-23 сомдон өткөрүп жатышкан дыйкандар мындай баа кеткен чыгым менен тарткан мээнетти актабай жаткандыгын айтышат.

Ош облустук мамлекеттик акимчилигинен маалымдашкандай, быйыл облус боюнча 11 миң 76 гектарга чигит эгилип, андан 31-32 миң тонна түшүм алынуусу күтүлүүдө. «Ак алтындын» Мекени Араванга барганыбызда райондук айыл чарба департаментинин директору Шавкат Сабировду пахта талаасынан жолуктурдук. Аны кепке тартканыбызда буларга токтолду:

-Быйылкы пахтанын килосун 22-23 сомго сурап жатышат. Албетте, бул нарк дыйкандарды таптакыр канаттандырбайт. Өзүңүздөр билесиздер, күйүүчү майды, минералдык жер семирткичтерди жана химикаттарды кошо эсептегенде 1 кило пахтага 17 сом чыгымдалат. Мындан тышкары теримчилерге ар бир килосу үчүн 2 сомдон акы төлөшөт. Чындыгында, мээнет текке эле кетет экен. Минтип олтурса, эл пайдалуу өсүмдүктөрдү гана айдап, эмдиги жылы пахта аянты дагы азайышы күтүлөт,

Араван районуна караштуу «Кызыл Октябрь» дыйкан чарбасынын башчысы Орунбек Бекмурзаев пахтаны айдоо деле оңбогондой чыгымды талап кылаарын, ак буланын баасы жок дегенде 25 сом болгондо өзүн кичине актай тургандыгын белгиледи:

-Жерди айдоо өтө кымбат, күйүүчү май эле канча турат билесиңер. 1 сотых жерди 17 сомдон айдашты. Зыянкечтерге каршы дары-дармектерди базардан алып, үч ирет салдык. Мындан тышкары жер семирткичтер бар. Бул да акча. Эсептей келсең өзүнүн баасы килосуна 22-23 сом болуп атат.

Ал эми карасуулук пахтакер Аман Калдыбаев элетте техниканын, айрыкча каз тамандуу тракторлордун тартыштыгынан улам пахта аз эгилип жаткандыгына кабатырланды. Ошондой эле жер-жерлердеги банктар аркылуу дыйкандарга жеңилдетилген кредит таратып колдоону кыргыз өкмөтү ойлоп да койбогонуна тызылдады:

-Быйыл биз 5 гектар жерге пахта сепкенбиз. Азыр ар бир гектар жерден 25 центнерден пахта алабыз деп күтүп атабыз. Түшүмдүүлүктүн төмөндөшүнө жер айдоого, пахта өстүрүүгө керек болгон техникалардын жоктугу себеп болуп атат. Союз маалынан калган техникалар жарактан чыкты. Өкмөт Ташкенттеги трактор заводу менен келишип, бизге ушундай техникаларды кредитке беришсе да жакшы болмок.

«Ак ниет» акционердик коомунун пахта кабыл алуучусу Махмуд Юсуповдун айтымында, мамлекеттик эмес ишканаларды өкмөт тарабынан кубаттоо жок. Ошонун айынан менчик уюмдар ак була баасын көтөрүүгө кызыкдар эмес:

-Ушул тапта пахтанын килосун 22 сомдон сатып алып жатабыз. Арийне, арзан. Бирок, биз аны көтөрө албайбыз да. Мамлекет же чет өлкөлүк донорлор каражат жагынан жардамдашса, бул маселени оңой эле чечет элек. Мына, дыйкандарга аванс бере албай айлабыз куруп турган чак. Жанагындай каржы булактарыбыз болгондо, эч нерсеге баш оорутмак эмеспиз.

Махмуд Юсупов бул маселени жылда көтөрүшөрүн, бирок бийлик кулак салбай келаткандыгын кошумчалады.

Дыйкандардын дооматына кошулбаган Ош облус губернаторунун орун басары Болот Бүргөевдин пикиринче, пахта тармагында орчундуу деле проблема жок. Анын айтуусунда ак буланын бир килосу быйыл 27 сомго көтөрүлүшү мүмкүн:

-Азырынча бир жактуу жыйынтык чыгарууга эрте. Жөжөнү күздө сана дегендей, октябрь айынын аягы көрсөтөт: былтыркы деңгээлге жетебизби, жетпейбизби. Биз былтыркы деңгээлге жеткиребиз, деп болжолдоп турабыз.

“ПАХТАДАН КӨРӨ ДАНЫҢЫ, НАНЫҢЫ ЫРАСТАП АЛ”

Пахта айдоо жагынан Жалалабат облусу алдыда. Дубандагы пахтакерлер быйыл 21 миң гектардан ашуун жерге ак алтын айдашты. Пахтанын баасы да Ошко караганда 1-2 сомго кымбат. Бирок бул жакта да пахтанын арзан болуп, өзүн актабай жаткандыгына нааразылык кептер көп. Быйыл дан азыктарына талап күчтүү болгондуктан пахта былтыркыдан эки миң гектарга аз эгилди. Өкмөт тарабынан пахтакерлерге жер айдоочу тракторлор менен 636 тонна жер семирткич жана 28 сом элүү тыйындан 1600 тонна дизелдик отун берилди. Мындай маалымат облбийликтин агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Жээналиевден алынды.

Облустун талааларында теримчилер жетишсиз. Пахта тергендер тамак ашы менен жол киресинен сырткары бир килограмм пахтага 3-4 сомдон акы сурашат.
Ноокен районунун тургуну Кеңеш Белеков эки гектар пахтасын жардамчыларга тердирүүдө. Анын айтымында өкмөттүн жеке дыйкандарга берген жардамы билинбейт. Жер иштетүүгө зарыл болгон каражаттарды дыйкандардын өз акчасына даярдап берсе, ошондо өкмөт пахтачыларга камкордук көрүүдө деп айтса болот, дейт Кенеш Белеков:

-Баалар бир калыпта эмес. Ар бир завод ар башка баада алып атат. Мээнет акталбай калып атат. Өзү менен өзү эле болуп, мээнет кылган эл куру калып атпайбы. Башталышында 24 сом болгон, эми минтип арзандап эле баратат.

Кеңеш Белеков үрөн, жер семирткич, эгин суусу тартыш жана кымбат болуп, айрым жерлерде пахтанын түшүмү бир терим менен аяктап, жаздан берки мээнети талаага кеткенин билдирди.

Жаш дыйкан Искендер Калбердиев 70 сотых жерге пахта айдаган. Анын алгачкы териминен 200 килгорамм гана пахта алган:

-Быйыл баары кымбат болду. Ага убагында каражат таппадык. Суу дагы тартыш болду билесиңер. Мына ушунун баары түшүмгө таасирин тийгизет тура.

Абдрахман Акжолов быйыл үлүш жерине пахта айдабай койгон. Ал пахтаны мамлекет сатып алып, аны өзү иштетип чыгарса гана айылдыктардын мээнети кайтаарын ортого салды:

-Адистердин эсептөөлөрү боюнча бир гектардан ашып барса эки жарым – үч тонна пахта алынат, аны 25 сомдон сатканда чыгымынан сырткары жети адамдуу үй бүлөгө 30 миң сомго жетпеген акча ашат. Аны айга болгондо бир киши 300 сомдон айлык тапкан болот. Ушунча сом менен пахтачыга бир ай жашоого болобу? Мамлекет пахтакерлерди ойлойбу?- деп суроо койду Абдрахман Акжолов.

Тогуз жыл пахта эгип, маңдайы жылыбаган Базаркоргон районунан Турдали Сулайманов баасы кымбат болот деген үмүтү акталбаганда башка эгин өстүрүүгө өткөн:

- Пахтанын жаңы түшүмү 24 сом болгону менен, анын эчтекеге жарабай калган таштанды өнүмдөрү базарда андан эки эсе кымбат баага сатылууда. Төшөккө салына турган 3-4-сорттогу пахтанын килосу 55-60 сом турат. Пахтаны эккенден жададык. Өмүрбек Текебаев тогуз жыл мурун айтты эле: “Пахтаны кимдир-бирөө келип: эк, мен мынчадан сатып алам, демейинче, айдабай эле койгула. Ага чейин даныңы, наныңы ырастап алгыла, туугандар,” деп айткан эле. Ошонун айткан сөздөрү тогуз жылдан кийин да туура чыкты. Пахта боюнча мамлекет эч кандай кам көргөн жок. Пахтакерлерди ойлогон эч ким жок.

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министринин кеңешчиси, пахта өстүрүүдө бир топ жылдык тажрыйбасы бар адис Ахмаджан Махамаджанов:

ПАХТА ӨСТҮРҮҮ ТАРМАГЫ КАЙРА ЖАНДАНАТ, ДЕП ИШЕНЕМ

-Ахмаджан мырза, акыркы бир нече жылдардан бери пахта өстүрүү азайгандан азайып бара жатат. Мындай темп менен барса келечекте ак алтын өстүрүү тамеки сыяктуу эле таптакыр азайып кетүүсү мүмкүн, деген пикирлер бар..?

-Пахта түштүк Кыргызстанда кылымдар бою айдалып келген эгин. Ошондуктан, пахта өстүрүү барып-барып жок болбойт. Дүйнөлүк базарда баалар төмөндөп, бирок күйүүчү май, жер семирткич жана башка керектүү нерселер кымбат болуп, дыйкандарды кыйнап атат, аны түшүнүп турабыз. Бирок дыйкандар киреше эсептегенде жалаң ак буланы сатуудан түшкөн каражатты эле эмес, анын гозосунан кала турган отун, чигитинен чыгарылуучу май, күнжара сыяктуу малдын тоютун кошо эсептегенде пахта өзүн актап эле атат. Пахта тазалоочу заводдор иштеп атат, анда жергиликтүү тургундар иштеп атышат.

Завод мамлекетке салык төгүп атат, мындан тышкары жумушсуздуктун азайуусуна да салымы бар. Мен ойлойм, пахтанын келечеги чоң. Анткени тышка экспорттоочу эгиндерден бизде пахта менен фасоль гана калды, тамеки да бар. Ошондуктан буларга мамлекеттик деңгээлде мамиле кылуу зарылчылыгы бар. Мына буудайды эки жылдан бери кайра көп айдай башташты дыйкандар. Анткени баасы көтөрүлдү. Демек, пахта өстүрүү тармагы да кайра жанданат, деп ишене алам.

-Пахта өстүрүү чынында көп мээнетти талап кылат. Эрте жаздагы кар кете элек ала шалбыртта чигит эккен пахтакерлер кыштын декабрь айларына чейин пахта терип, анын косек-гозосун жыйнап алышат. Бирок акыркы жылдары мына ушундай мээнетти Орусияда же Казакстанга барып, мандикерликке иштөөгө алмаштырган дыйкандар көп болуп атпайбы..?

-Туура айтасыз. Бул дагы экономикалык жагдай. Базар экономикасы деп коет экен, биз, өкмөт дыйкандарды бул эгинди айда, деп мажбурлай албайбыз. Пахтаны мамлекет өзү сатып албаган соң, албетте дыйкандар да өз каалоосу менне эгин эгет. Ошентсе да пахта таптакыр айдалбай калбайт. Бул тармактын келечеги зор. Анткени азыр бүтүн дүйнө табигый нерселерге муктаж болуп, табигый тамак-аш, кийим-кечени баалап калышты.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG