Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

ЕВРОПАЛЫК ИРИ МАМЛЕКЕТТЕР ГЛОБАЛДЫК КРИЗИСКЕ ЖООП ИЗДЕП ЖАТЫШАТ


Жыйынга Франциянын, Британия, Италиянын жана Германиянын мамлекет, өкмөт башчылары, ошондой эле Европалык Борбордук банктын жетекчиси жана Евроаймактын төрагасы чакырылган. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, алар европалык финансы системасын турукташтыруунун бирдиктүү жолун издешмекчи. Мунун алдыңкы күнү АКШнын конгресси америкалык экономиканы куткаруунун 700 миллиард доллардык планын жактырган эле.

Жума күнү Өкүлдөр палатасы планды добуштардын 263-171 катнашы менен ушундайча кабыл алгандан кийин, президент Буш ага дароо кол коюп, күчүнө киргизди.

Еврокомиссиянын президенти Бароссо Вашингтондун куткаруу планына колдоо билдирди. Бирок Париждеги жыйындын катышуучулары Европа боюнча мындай планды жактыраары күмөн, себеби анын жол-жоболору боюнча талаш-тартыш катуу болуп жатат.

Британия менен Германия Евросоюз көзөмөлдөгөн планга өз салык төлөөчүлөрүнүн акчасын бөлүүгө көңүлдөнүшкөн жок. Анын ордуна алар ар бир өлкөдөгү ар бир маселени өз алдынча кароону сунушташууда. Германия 27 мүчө-мамлекеттин кризиске туш келген башкы банктарын жана негизги финансылык институттарын куткаруу үчүн 416 миллиард евролук кор түзүүгө караманча каршы чыкты.

Парижде болуп жаткан жыйындын катышуучулары Европанын кризиске жообун координациялоонун зарылдыгына басым жасашмакчы.

Cүрөттө: Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэль Бароссо

XS
SM
MD
LG