Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:31

“АПТА ЖАҢЫРЫГЫ”: ДИНЧИЛДЕР ЧАБУУЛУ, ЖОГОЛГОН ДЕПУТАТ, КЫЛМЫШ ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ КЫРЧЫЛДАШУУЛАР


Өтүп бараткан жумада Ноокат акимиятын таш бараңга --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/religion/ky/2008/10/62E8D6E9-9C52-4901-B3D2-3C6DDF14CA3B.asp алуу, Клара Кабилованын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/09/1618C9FC-D423-4B1E-BDB3-BF13F29DB35A.asp кайрылуусу боюнча козголгон кылмыш ишти тергөөнүн уланышы жана Социал-демократиялык фракциянын депутаты Руслан Шабатоевдин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/10/76372EF7-7272-4670-8CEC-9970A66EA811.asp дайынсыз жоголушу коомчулуктун көңүлүн имерген орчундуу окуялардан болду. Келерки жумада Бишкекте КМШ саммити жана орус президенти Дмитрий Медведевдин Кыргызстанга расмий сапары күтүлүүдө.

Кыргызстанга “билимдүү ислам” саясаты керекпи?



1-октябрь күнү Кыргызстанда Орозо айт майрамы белгиленди. Бишкектеги эски аянтта он миңдеген адамдар айт намазга жыгылды. Бул күнү Ноокат районунда Орозо айтты майрамдоо кыргыз тарыхында алгачкы ирет диний себептерге байланыштуу мамлекеттик бийликти таш-бараңга алуу менен коштолду. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул окуяны тыюу салынган “Хизбут-тахрир” партиясынын тарапкерлери уюштурду деп айыптады. Кыргызстан муфтийи Мураталы ажы Жуманов аларды “хизбутчулар” деп тикелей айтпаса да акимиатты таш-бараңга алгандарды Исламга каршы тургандар деп атады:



-Кечээки болгон нерсе- бул исламды жаман көрсөткүсү келген, диндин баркын түшүргүсү келген адамдардын иши. Экинчи жагынан, мамлекетте мыйзам бар. Мыйзамдын алдында жооп беришсин алар. Алланын алдында алар жооп берет. Ошол кудайдын ыйык күнүн сыйлабай, кудайдын ыйык куранын сыйлабай, кудайдын шариятын сыйлабай ушул ишке барган адам кудайдын алдында жазаланат.

Окуяны жеринде териштирүү үчүн Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Каныбек Осмоналиев жана муфтий Мураталы ажы Жуманов Ноокатка жөнөп кетти. Тартип коргоо органдары акимиаттын таш-бараңга алынышы боюнча кылмыш ишин козгоп, аны уюштургандар деп шектелген 8 адамды кармашты.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Каныбек Осмоналиев өлкөдөгү диний кырдаал үч-төрт жылдан бери татаалдашып келатканын, натыйжалуу күрөш жүргүзүүгө мыйзамдардын чийкилиги тоскоол болуп жатканын билдирди. Ал эми тыюу салынган “Хизбут-тахрир” партиясынын өкүлдөрү конституциялык түзүмгө каршы баракчалар менен өлкөнүн бардык аймактарында тынымсыз кармалып жатышат. Алар 1-октябрда Бишкек чок ортосунда лотерея ойнотуп, коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет жасашты.



Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2168 диний уюм катталган. Алардын ичинен 1791 ислам багытында. Өлкөдө 50нүн тегерегинде медресе жана диний багыттагы 8 жогорку окуу жайы бар. Бирок бул уюмдардын мамлекет менен мамилесин тейлей турган мыйзам жок болууда.



Мындай шартта ар тараптуу билими жок жаштардын “шариаттын” жолу деп, сакалдарын өстүрүп, этеги жерге тийген көйнөктөрду кийип кетүүсү көбөйүүдө. Мамлекет мына ошол орто кылымды элестеткен көрүнүштөргө альтернатива сунуштай албай, динге карай кетип бараткан агымды кандай башкарууну, алар менен кандай мамиле түзүүнү аңдай албай турат. Мына ушундай жагдайга кириптер болгон Өзбекстан бийлиги дин сферасына “Билимдүү ислам” идеологиясын сунуштап чыкты.

Жогорку Кеңештеги социал-демократиялык фракциянын башчысы Бактыбек Бешимов “Билимдүү ислам” саясаты Кыргызстанда да зарыл деп эсептейт:

-“Билимдүү ислам” деген Кыргызстанда күчөсө -экстремисттик, радикалдык көз караштар көзгө көрүнөр азайат эле да, чектелет эле. Бизге биринчи кезекте мамлекет өзүнүн идеологиясынын бир бөлүгү катары “Билимдүү исламды” жакташы зарыл. Жана ошол “Билимдүү исламдын” башка конфессиялар менен шериктештикте болушу маанилүү.

Расмий бийлик Ноокаттагы окуяны кандай баалап жатат, динге карата кандай саясат болот? Мына ушул багыттагы суроолор менен Коопсуздук кеңештин катчысы Исмаил Исаковго кайрылган элек:



-“Азаттык”: -Исмаил Исакович, диний багытта баш-аламандык өкүм сүрүп жатканын буга чейин эле белгилеп, тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылган элеңиз. Ал кандай чаралар эле жана аларды ишке ашыруу кандай жүрүп жатат?

Исмаил Исаков: - Биринчи, диний багыттагы окуу жайлар боюнча маселе койгонбуз. Окуу жайлардагы программаларды бүгүнкү шартка жараша иштеп чыгууну сунуштаганбыз. Диний окуу жайларда жалаң диний темаларды окутпай, “светтик” өлкөгө тиешелүү программалар да болуш керек. Аларда кыргыз тарыхы, кыргыз адабияты, философия жана башка предметтер окутулсун деп тапшырма бергенбиз. Азыр ошолордун үстүндө иштер жүрүп жатат. Экинчи чоң маселе, биздин билимдүүлүгүбүз. Ошол диний адамдардын билимдүүлүгү. Эми 9-10-11-кылымдардагы түшүнүктөрдү биз кичине өзгөртүшүбүз керек. Себеп дегенде турмуш өзгөрүп жатат.

Чындыгында бул багытта эми иштер башталып жатат. Себеби дегенде бул иштерди жасоо үчүн мыйзамдар кабыл алыныш керек экен. Кээ бир нерселер мыйзам аркылуу бекитилиш керек экен. Мына ушулардын жетишсиздиги Ноокаттагы окуянын башы болуп жатат.

“Азаттык”: - Ноокаттагы окуяны атадыңыз. Азыр ошол окуяга кандай баа берип жатасыз. Ошол ишке баргандардын артында кимдер турганы аныкталдыбы?

Исмаил Исаков: - Биз муфтияттын жетекчилигин жана өзүбүздүн агенттиктин жетекчилигин окуяны жеринде териштирүүгө, тактоого жөнөткөнбүз. Ошолор келип, расмий түрдө маалымат бергенден кийин бир нерсени айтсак болот. Бирок ага карабастан айтканда, жанагы эле маселе чыгып жатат. Ошол өзүбүздүн жергиликтүү диний жетекчилердин билимсиздиги. Экинчи жагынан бийлик адамдарынын да күнөөсү бар. Анткени кээ бир нерсеге түшүнбөй эле баарын өзүбүзгө каршы коюп жатабыз. Пикири башкараак болуп, бир нерсени ачык айтса эле “сен каршы экенсиң, сен башка нукта экенсиң, биздин бийликти колдобойт экенсиң” деп чыга калган саясат жергиликтүү бийликтин кээ бир жетекчилеринен чыгып, карама-каршылыктарды туудурууда. Эгерде ошолорго туура түшүндүрүп, баарын тактаса (Ноокатта) мындай нерсе чыкпайт эле. Бирок кандай болбосун, 1-октябрда –ушундай ыйык күндө бийликке таш ыргытканы бул туура эмес.Муну териштирүүгө тартип коргоо органдарына тапшырма бердик. Ким күнөөлүү болсо мыйзам чегинде жоопко тартылат.

“Азаттык”: - Ушул диний экстремизмге каршы күрөш үчүн Кыргызстанда мыйзамдарга өзгөртүү киргизилери айтылып жатат.Бирок бир эле мыйзамдын күчү менен,жазалоонун күчү менен эмес, мамлекеттик идеологиянын, динге карата мамлекеттин өзүнүн мамилесинин негизинде иш жүргүзсө да болсо керек. Коңшулаш Өзбекстан маселен “Билимдүү исламды жактайбыз” деген саясатты жүргүзүүдө?...

Исмаил Исаков: - Албетте, эч качан күч менен, коркутуу же жазалоо менен эч ким өнүккөн эмес. Ал келечекте чатактарга алып келет. Ошондуктан башында айтып кеттим го, биздин диний кызматкерлердин билимдүүлүгүн көтөрүш керек деп. Мына биз да ошого басым коюп, ушунун баарын карап чыккыла деп Билим берүү министрлигине тапшырмаларды бергенбиз. Биз да ошондой саясат менен барабыз. Андан башка арга жок.

Жоголуулар артында Кыргызстанда кырдаалды курчутуу максаты турабы?

Бул жумада коомчулукту сестенткен окуялардын бири- Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шабатоевдин 30-октябрда дайынсыз жоголушу болду. Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жусупжан Жээнбековдун 34 жаштагы уулу Бактияр Амиржановду белгисиз бирөөлөр күч колдонуу менен автоунаага салып алып кетишкен. Андан бери жоголгондордун бирөөсү тууралуу да маалымат чыга элек. Бул эки окуя ишкерликке байланыштуу деген божомолдор айтылууда. Анткени Руслан Шабатоевдин малга байланыштуу бизнеси бардыгы, ал эми Бактияр Амиржанов да ишкер экени маалым.



Жогорку Кеңештин жоголгон депутаты Руслан Шабатоев.


Бирок Руслан Шабатоевдин да, Жусупжан Жээнбековдун да оппозициялык маанайдагы социал-демократиялык фракциянын мүчөсү экендиги бул окуяларда саясий себеп жок эмеспи деген түкшүмөлдү пайда кылууда.
Ички иштер министринин биринчи орун басары Сабырбек Күмүшалиев эки жоголууну иликтөө максатында атайын топтор түзүлгөнүн билдирди:
-Бул факт боюнча чукул иликтөө топтору түзүлдү. Ал жоголгон күнү досу менен “Майкл” кафесинде отурганы аныкталды. Аны ошол жерден таңкы саат үчтөрдө официант аркылуу белгисиз бирөө чакырган. Ошол бойдон ал үйүнө барган эмес. Бүгүн ал кафеде кимдер иштегени такталып, бардыгы суралып жатат. Машинеси текшерилип, шаардык ички иштер башкармалыгынын бөлүмүнө жеткирилди.

Буга чейин жоголгондорду Ички иштер министрлиги гана издеп жатса, эми ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет да жардам бере турган болууда. Анткени Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев УКМКнын жетекчилигине жоголгондорду издөөгө көмөктөшүүнү тапшырды. Социал-демократиялык фракциянын жетекчисинин орун басары Иса Өмүркулов жоголууларды иликтөөгө Башкы прокуратура да киришүүсү керек деген пикирде:

-Албетте, прокуратура мамлекеттеги мыйзамдуулукту көзөмөл кыла турган орган. Прокуратурага да, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке да, Ички иштер министрлигине да тапшырма берилсин деген талап койдум. Себеби ар бир жаран жоголсо да ушундай чаралар көрүлүш керек. Ал эми мамлекеттик органда турган адам жоголушун өзгөчө караш керек.

Криминалдык териштирүүлөр кайра тутанды

Кыргызстанда кандуу криминалдык териштирүүлөр акыркы кезде кайрадан күчөй баштады. Ага социал-демократиялык фракцияга тиешеси бар эки адамдын дайынсыз жоголушу кошумча болууда. Криминалдык согуш бул ирет Бишкекте 10-сентябрда тутанды. Бул күнү Бишкектин Чүй-Алма-Ата көчөсүндө темирдеп бекемделген “Жип” автоунаасы автомат менен аткыланган. Аткыланган “Жипте” криминалдык төбөл Камчы Көлбаев болгонун жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. Бул кол салуудан кийин 13-сентябрда салык кызматкерлери Азамат Абыкеев жана Таалайбек Таабалдиевди атып кетишти. Абыкеевдин салык кызматына келгенге чейин маркум Рысбек Акматбаевдин адамы экени маалымдалууда. Бул атышуулар 4-октябрда уланды. Бул күнү Рысбек Акматбаевдин иниси Кубанычбек Коноев Чолпон-Ата шаарында атылып кетти.



Сүрөттө: Маркум Рысбек Акматбаевдин жакын туугандары жана шериктери Ысыккөл облусунун мурдагы губернатору Эсенгул Өмүралиев менен. 2006-жылдын 15-майы.

Жогорку бийлик айланасында кармаш да күчүндө



Мына ушундай эле “кыл чайнаган” кармашуулар саясий аренада, жогорку бийлик чөйрөсүндө да күч алып турган чагы. Жогору жактагы кармаштарды бетин ачып, аны ого бетер курчуткан БШКнын мурунку төрайымы Клара Кабилованын видеокайрылуусу болду окшойт. Кабилованын кайрылуусуна байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов ишемби күнү Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Учкун Каримовдун суроолоруна жооп берди. Медет Садыркулов өзүнүн жоопторунда Кабилованын “Садыркуловдун ак-кара кеңсеси менен келише албаймын” деген сөзүнүн маани-маңызы эмнеде экенин түшүнө албаганын жана бул жаңжалдын артында саясий топтор турарын, ал топ Садыркуловдун президенттик администрацияны жетектөөсүн каалабай жатканын билдирген. Садыркулов ошондой эле ага карата видеокайрылууда айтылган айыптоолор Кабилованын өзүнөн чыгып жатпаганын да белгилеген.
Саясий талдоочулардын пикиринде, Медет Садыркулов айыптаган топ Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Адахан Мадумаров, Коопсуздук кеңештин катчысы Исмаил Исаков жана президенттин кеңешчиси Үсөн Сыдыков.

Мадумаров менен Садыркуловдун ачык чатагы коомчулукка белгилүү дейт саясат таануучу Марс Сариев:

-Адахан Мадумаров менен Медет Садыркуловдун ортосунда бир жолу чатак болгон. Анан менин оюмча, мына ошол эки топтун тирешүүсү уланып жатат. Буга эми оппозиция да аралашып кетти. Оппозициянын өзүнүн оюну бар.

Саясат таануучунун пикиринде, Клара Кабилованын чатагы социал-демократиялык фракциянын депутатынын жоголушуна байланышы болушу ыктымал. Бул окуялардын баары Кыргызстанда кырдаалды курчутуу аракетин көздөөдө жана бул жерде чет өлкөлүк атайын кызматтар иштеп жатышы ыктымал деп эсептейт Марс Сариев:

-Бул мүмкүн. Кыргызстан ички талаш-тартыш менен алсыздана баштаганда башка өлкөлөрдүн атайын кызматтары дароо эле өзүнүн оюнун баштайт. Бул саясаттын логикасы. Атайын кызматтар азыр аябай иштейт.

КМШ саммити жана Медведев сапары

Криминалдык согуштун күчөшү жана Ак үйдө топтордун кармашуусунун тушунда Кыргызстан КМШ саммитине жана орус президенти Дмитрий Медведевдин расмий сапарына даярдыктарды көрүүдө. Жогорку даражалуу конокту тосуп алуу үчүн өкмөт үйүндө тийиштүү камдануулар жүрүп, расмий күтүп алуунун шаан-шөкөттөрү машыгуудан өткөрүлүүдө.

Дмитрий Медведевди Манас аба майданында өкмөт башчы Игорь Чудинов күтүп алары кабарланууда. Орус президентинин сапары учурунда эки өлкөнүн ортосунда энергетика багытында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлары күтүлүп жатканын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков “Азаттыкка” билдирди:

-Туура, ошондой келишимдин долбоору даярдалып жатат. Келишимдин максаты Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалын өнүктүрүүгө Россиянын жардамын тартуу.

Кыргызстан министри жакында эле Москвада жумуш сапар менен болуп, анын учурунда Россиянын энергетика министри Сергей Шматко, өнөр жай жана соода министри Виктор Христенко менен жолугушуп, энергетика тармагында кызматташуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп келди.

Ушул жумада Чолпон-Ата шаарында соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиянын да жыйыны болот. Анда комиссиянын кыргыз тарабын премьер-министр Игорь Чудинов жетектесе, орус тараптыкын энергетика министри Сергей Шматко жетектейт.

Россия лидерлери менен мына ушул жолугушууларда Кыргызстан практикалык кандай ийгиликтерге жетише алат, аны эми мезгил көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG