Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

13:25 Т.Сариев: Элдин шайлоого катышуусу төмөн


Мындай пикирин “Ак-Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев “Азаттыкка” билдирди. Саясатчынын айтымында, шайлоочулардын тизмелеринде бир топ мүчүлүштүктөр бар, анда айрымдары тизмеден чийилип, же кошумча жазылып калган. Т.Сариев ошондой эле массалык ташуу фактылары болуп жатканын да кошумчалады. “Кысыл-Аскердеги байкоочуларбыз массалык ташуулар болууда деген маалыматты айтышууда. Шайлоо системасы да, учаскалык округдук комиссиялардын түзүлүшү да бир жактуу болуп, мыйзам бузган адамдар жоопко тартылбагандыктын көптөрү ошондон пайдаланып жатышат. Элди да, өзүбүздү да таза шайлоого көндүрүшүбүз керек”, - дейт Т. Сариев. Алынган маалыматтарга ылайык, “Ак-Шумкар” партиясынын байкоочулары мыйзам бузуу фактыларын каттап, протоколдорун түзүүлүдө. Шойлоодо орун алган мыйзам бузуу фактылары боюнча партия эртең расмий билдирүү жасаары күтүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG