Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

14:16 Жарандык уюмдар кеңеши БШКнын эл аралык байкоочуларды каттоодон баш тартышы боюнча тынчсызданууда


Мындай мазмундагы билдирүүнү жарандык кеңеш бүгүн таратты. Билдирүүдө айтылгандай, Кыргызстан ЕККУнун мүчө-өлкөсү катары акыйкаттыктын принциптерин камсыз кылуу милдеттенмесин алган. “Парламенттик шайлоодон кийин ЕККУ, НДИ,ЭРИ, ЕНЕМОнун жана жергиликтүү байкоочулардын терс баасынан кийин БШК эл аралык байкоочулар менен кызматташуудан баш тартып жатканын биз түшүнүп жататбыз”, деп айтылат билдирүүдө. Жарандык кеңештин пикиринде, БШКнын эл аралык байкоочуларды каттоодон баш тартуусу шайлоо өнөктүгүнүн ачыктыгын жана адилеттүүлүгүн камсыз кыла албайт жана шайлоочулардын добуш берүү өнөктүгүнө ишенимин төмөндөтөт.

Жарандык кеңеш БШКдан эл аралык милдеттенмелерди аткаруусун, шайлоонун жыйынтыгынын ачыктыгын камсыз кылуусун талап кылууда.

Ал эми БШКдан билдиришкендей, эл аралык уюмдар өз алдынча кайрылышып, айрымдары каттоо мөөнөтү өтүп кеткенден кийин телефон аркылуу каттап коюуну өтүнүшкөн. “Эл аралык уюмдар кандайдыр бир максат үчүн эмес, “Шайлоо кодексине” туура келбегендиги үчүн гана катталбай калды. Эл аралык уюмдарды каттоо эрежесине ылайык, алгач жергиликтүү, коммерциялык эмес эл аралык уюмдарынан каттоо тууралуу сунуш каты келиши керек. Ошого карап биз аларга чакыруу жиберебиз. Бирок, мында эл аралык уюмдар өз алдынча кайрылып, айрымдары убакыт өтүп кеткенде телефон аркылуу каттап коюуну суранышты”-деп билдирди “Азаттыкка” БШКнын маалымат-аналитикалык бөлүмүнөн.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG