Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:24

15:01 А.Жекшенкулов: Ар кандай бурмалоолор даярдалып жатат


Мындай пикирин “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов “Азаттыкка”билдирди. Учурда шайлоо участкаларын кыдырып жүргөн А.Жекшенкуловдун айтымында, шайлоочулардын активдүүлүгү байкалганы менен шайлоочулардын тизмелеринде көптөгөн мүчүлүштүктөр кездешүүдө. Мындан тышкары массалык ташуулар, бир эле адам ар башка участкаларда добуш берип жаткан фактылар да орун алууда.“Дагы бурмалоолор даярдалып жатат деген маалыматтар түшүп жатат”, дейт А.Жекшенкулов.
Бүгүнкү шайлоонун жүрүшү боюнча “Акыйкат үчүн” кыймылы жана коомдук парламент эртең расмий билдирүү жасайт.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG