Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:21

15:40 Бүгүн мугалимдердин бүткүл дүнөлүк күнү


ЮНЕСКО тарабынан жарыяланган 5-октябрь – мугилимдердин күнү 1994-жылдан бери белгиленип келет. Уюмдун билдиргенине караганда, жер жүзүндө баштапкы билим берүүнүн максаттарына жетүү үчүн 2015-жылы жалпысынан 18 миллионго жакын жаңы мугалим керек болот. ЮНЕСКОнун эксперттери белгилешкендей, учурда көптөгөн мамлекеттерде мугалимдердин жетишсиздиги курч көйгөйлөрдүн бири. Мындай жагдай мугалимдердин айлыгынын төмөндүгүнөн, мугалимдердин кесиптик деңгээлинин төмөндүгүнөн улам түзүлүүдө. Ал эми Кыргызстанда мугалимдердин кесиптик майрамы октябрь айынын биринчи жекшембисинде белгиленип келет. Бул күнгө карата Бишкекте 3-октябрда президенттин катышуусу менен салтанаттуу жыйын өтүп, агартуу тармагынын алдыңкыларына мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Советбек Байгазиевдин айтымында, бүгүнкү күндө республика боюнча үч жарым миңден ашуун мугалим жетишпейт. Ал эми мектептерде 117 миң мугалим эмгектенет.(MSu)

XS
SM
MD
LG