Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:59

16:00 Университеттик шайлоо чөлкөмдө көз көрүнөө мыйзам бузуулар орун алууда


Аталган шайлоо чөлкөмдөгү көз карандысыз байкоочу, жаштардын бейөкмөт уюмдарынын өкүлү Артур Бакиров “Азаттыкка” добуш берүү башталгандан тарта мыйзам бузууларга жол берилип жатканын айтты. Эртең менен эрте студенттердин топтолуп алынып келингенин билдирди. Каттоосу жок туруп добуш берип кеткендер да болгон. Байкоочулар бул фактылар боюнча арыз жазышкан. Бирок арызга шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү кол коюдан баш тартышкан. Университеттик шайлоо чөлкөмдүн төрайымы Зейнеп Арстанбекова “Азаттыкка” бул айтылгандардын баарын төгүндөдү. Көз карандысыз байкоочулар добуш берүү аяктаган соң өздөрү каттаган мыйзам бузуулар боюнча сотко даттанганы жатышат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG