Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

17:55 Таласта жергиликтүү тургундардын көбү шайлоочу катары шайлоонун тизмесине кирбей калышкан


Шайлоочулардын тизмесине кирбей калгандардын бири Талас шаарында № 106 шайлоо участкасынын шайлоочусу Жакшылык Алыбаев «Азаттыкка» кайрылып, жергиликтүү бийликтин шалаакылыгы күндөн-күнгө күч алууда дейт. Тизмени тактабагандыктары бийлик өзүлөрүнүн кандидаттарын өткөзүү максатта атайын жасалган, деп өткөн шайлоодо да ушундай болгон деп кошумчалап кетти шайлоочу Алыбаев. Талас шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кадырбек Сарчаев шайлоочулар өзүлөрү алдын-ала тизмеде бар жогун тактаса болмок, атайын кыдырып такташканда көбү үйлөрүндө жок болушту деп түшүндүрдү Талас шаардык сотунун судьясы Аскар Сүйүнбаев. Тизмеде жокторго сот аркылуу чечим чыгарып берип жатканын айтып ар бир кишиге ондон документ топтолуп, жергиликтүү бийликтин кайдыгеринен мамлекет көп чыгымга учурап жатат дейт. (UA)

XS
SM
MD
LG