Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

18:02 Жалал-Абатта байкоочуларга тоскоолдук жасалып, чыгарылып жиберилген


Алдын ала маалыматтар боюнча саат төрткө карата облустагы 492 миң шайлоочунун 48,5 пайызы шайлоого катышты. Облустун Атабеков айыл өкмөтүндөгү Найман жана Бирдик участокторунда тизмеге кошулбай калган жана паспортсуз жарандар соттун чечими чыга электигине байланыштуу добуш берише элек. Жалал-Абадда ишкердик университети менен медициналык окуу жайында байкоочулардын ишине тоскоолдук жасалып, алар шайлоо жүрүп жаткан кезде чыгарылып жиберилген. Айрым участоктордо бөлөк документтер менен бюллетень берүү, шайлоочуларды автоунаалар менен ташуу, кайталап добуш жана эки үчтөн бюллетень таркатуулар болгон. Мындай маалыматтар талапкерлер менен байкоочулардан алынды.Облустук шайлоо комиссиясы буга чейин мыйзам бузуулар тууралуу арыз, даттануу түшө электигин билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG